Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Түркия: “демократия кризиси”, Эрдогандын эртеңкиси


Интернетти чектөөгө каршы демонстрация. 18-январь, 2014-жыл, Стамбул.

Интернетти чектөөгө каршы демонстрация. 18-январь, 2014-жыл, Стамбул.

Түркиянын интернетте чектөө киргизүү боюнча мыйзамы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнө карата сындын жаңы толкунун жаратты. Бул талаштуу мыйзам өлкөнү саясий кризистин босогосуна кептеген коррупциялык жаңжал менен жергиликтүү жана президенттик шайлоо алдында кабыл алынды.

“Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө Эл аралык “Фридом Хаус” уюму Түркияда “демократия кризиси” деп мүнөздөгөн окуялар талкууланды.

Талкууга Анкара университетинин докторанты Абдурасул Исаков, “Заман” гезитинин кабарчысы Дервиш Генч, кыргыз-түрк Манас университетинин кафедра башчысы, Түркиянын ички саясаты боюнча адис Алтынбек Жолдошев катышты.

Түркиянын парламенти интернетке мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү караган талаштуу мыйзам долбоорун 6 - февралда жактырды. Ал талаштуу мыйзамга ылайык, өкмөттүн телекоммуникация мекемелери интернет сайттардагы материалдар мазмуну кимдир бирөөнү кордойт, аброюна шек келтирет деп табылса, аларды соттун чечимисиз эле тосмолоп салышат. Мыйзам ошондой эле интернет кызматын көрсөтүүчүлөрдөн интернет кызматтын колдонуучулардын иш-аракети тууралуу маалыматтарды кеминде эки жылга сактап коюуну талап кылат, эгер бийликтер сураса ал маалымат интернет колдонуучулардын өздөрүнө кабарланбастан туруп эле берилет.

Азаттык”: Түркияда былтыр жайда өкмөткө каршы ири демонстрациялар болгонун, жакында өкмөттүн белдүү үч министринин катыштыгы бар ири коррупциялык жаңжал тутанганын билебиз. Демек, Эрдогандын өкмөтү ой-пикир билдирүү эркиндигин чектөө чараларына тамыры бир топ солкулдап калганынан улам баруудабы же башка себептери барбы?

Абдурасул Исаков: Түркияда расмий маалыматтар боюнча 34 миллиондон ашуун интернет колдонуучу бар. Менин жеке баамымда, жогорудагы мыйзамдын кабыл алынышы бийлик солкулдап калганынан эмес. Соңку социологиялык иликтөөлөргө караганда, АК партиясы азыр деле тизменин башында турат. Жасалып жаткан нерсе, менимче, бийликтеги партиянын саясий күрөш жүргүзүү ыкмасы. АК партия балким быйыл боло турган шайлоолорду утурлай интернеттен келе турган күтүлбөгөн соккуларды алдын алууга аракеттенип жатат. Менин жеке баамымда, бул мыйзамды президент парламентке кайра кайтарса керек.


"Азаттык": Интернет боюнча жаңы мыйзам кабыл алынуусуна тушташ түрк бийликтери “Заман” гезитинин азербайжандык кабарчысы Махир Зейналовду өлкөдөн күчтөп чыгарып жиберишти. Айтымы, ал Твиттер социалдык түйүнүндө премьер Эрдоганды сындаган экен. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун шаршембиде жарыяланган баяндамасында былтыр 26 журналист камакка алынганы, үч журналист өмүр бою түрмөгө кесилгени айтылат. Интернетке көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам кимдерди камтама кылууда, оппозициячыл эле журналисттердиби же баарынбы?

Дервиш Генч: Тилекке каршы, бул мыйзамды Түркия үчүн уят иш деп айтсак жаңылышпайбыз. АК партиясы бийликке келгенден кийинки алгачкы он жылда Түркияда чынында эле жакшы нерселер жасалды. Бирок, акыркы эки жылдан бери биз бийликти, өкмөтүбүздү, премьер-министрди, эл сыйлаган министрди тааный албай калдык. “Заман” гезитинин кабарчысы Зейналов боюнча айта турган сөз жок. Ал премьерди сындаган эки твити үчүн өлкөдөн айдалды. Мындан үч-төрт күн мурда мен да премьер-министр жыйналыш өткөргөн жерге барган журналисттердин катарына кошулуп калдым. Бир суроо берсем, жооп бергендин ордуна кайра мени элдин алдында шылдыңдады. Интернет боюнча жаңы мыйзамдын бийликти мактаган журналисттерге эч коркунучу жок. Бирок бийликке бир эле сын пикир айтсаң, премьер министрдин көзүнө чыккынчы көрүнөсүң.

“Азаттык”: Түркиядагы азыркы процесстерге “демократия кризиси” деген да мүнөздөмө берилип жатат. Азыркы Түркиянын тарыхында эки-үч жолу аскерий төңкөрүштөр болгон. Бирок идеалдуу эмес болсо да парламенттик демократиясы бар мамлекет катары саналчу. АК партиянын 11 жылдан бери бийлик жүргүзүү, башкаруу эволюциясынын авторитаризмди көздөй ыкташы бул премьер Эрдогандын саясатчы жана инсан катары жеке сапаттарына эле байланышкан маселеби?

Алтынбек Жолдошев: Англиянын көрүнүктүү окумуштуусу Лорд Актондун бир айткан сөзү бар. Ал: “Бийлик бузулат, чексиз бийлик чексиз түрдө бузулат”, - деп белгилеген. АК партиясы бийликке келгенине он бир жыл болду. Он бир жылдан бери, кыргызча айтканда, чарчады, бузулду. Акыркы окуялар да бул маселени далилдеп турат. Адеп башында АК партия бийликке биз коррупциядан алыспыз, таза иштейбиз деген принцип менен келген. Ошол принцип 17-декабрда
(коррупция боюнча жаңжал чыккан күн ) бузулуп, АК партиянын эл алдындагы беделине бир топ доо кетирди. Эрдоган өзү саясатчы катары, инсан катары жеке сапаттары боюнча чындап эле авторитаризмге жакын адам. Бирок Эрдоган авторитаризмге алып келгиси келсе дагы Түркияда калыптанган башкаруу салттары боюнча система буга уруксат, мүмкүнчүлүк бербейт.

“Азаттык”: Айрым баяндамачылар быйылкы жылды Түркия үчүн тагдыр чечер жыл, саясий жана экономикалык жагдайга жараша эки эмес, үч шайлоо өтүшү мүмкүн деп жатышат. Азырынча белгилүүсү - эки шайлоо. Мартта өтүүчү жергиликтүү шайлоодо, андан кийинки августтагы президенттик шайлоодо АК партиянын жана Эрдогандын жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Интернет боюнча мыйзамга каршы чыккандар полиция менен кагылышууда. 8-февраль, 2014-жыл

Интернет боюнча мыйзамга каршы чыккандар полиция менен кагылышууда. 8-февраль, 2014-жыл


Абдурасул Исаков: 30-мартта боло турган жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы август айындагы президенттик шайлоого түздөн-түз таасирин тийгизет. Президенттин ыйгарым укуктары өзгөртүлө элек. АК партиясы президенттик шайлоого кандай жол менен бараары да 30-марттан кийин билинет. АК партиянын социалдык-экономикалык, укуктук чөйрөдө жасаган иштери бул жылкы шайлоолордо да негизги фактор болот.


Дервиш Генч: 2009-жылкы жергиликтүү шайлоодо АК партиясы добуштардын 39% алган. Акыркы сурамжылоолор боюнча АК партиясы азыр да биринчи орунда, бирок көрсөткүчтөрү 30-34% түшкөн. Менимче, быйылкы жыл Түркия үчүн эмес, АК партиясы үчүн тагдыр чечүүчү жыл. Баары 30-марттан кийин белгилүү болот деп ойлойм. Айрым баяндамачылар АК партиясы бөлүнүшү мүмкүн деп болжолдошот. Эгер Эрдоган президенттик шайлоого барса, биринчи айлампа эмес, экинчи айлампага гана барып жеңиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG