Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Түркия: Эрдоган үчүнчү жарышка камынууда


Режеп Эрдоган Кастамону шаарындагы колдоочуларынын алдында сүйлөөдө. 4-май, 2011.
Режеп Эрдоган Кастамону шаарындагы колдоочуларынын алдында сүйлөөдө. 4-май, 2011.

Түркияда ушул айда парламенттик шайлоо өтөт. Сурамжылоолор азыркы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы бийлигин үчүнчү мөөнөткө сактап каларын көрсөтүүдө.

Бирок бул жолку жеңиштин масштабы өлкөнүн саясий ландшафты өзгөрөр-өзгөрбөсүн, Эрдоган азыркыдан да кубаттуу саясий фигурага айланар-айланбасын аныктачудай.

“Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы, же Түркияда атап коюшкандай АК партия бийликтеги үчүнчү мөөнөткө жол ачуучу шайлоодо 2007-жылдагыдан да көп добуш алары күтүлүүдө.

Анда АК партияны түрк шайлоочуларынын 47 пайызы колдогон. Мындан төрт жыл мурда Эрдогандын шайлоочуларынын катары калыңдашына Түркиянын аскерий жетекчилеринин “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдулла Гүлдүн президенттикке шайланышына тоскоолдук кылууга аракеттенеши да салым кошкон эле. Мында анын мурда исламчыл саясий уюмдун катарында турушу Түркиянын секулярдык түзүлүшүнө коркунуч туудурат деген кооптонуулар жүйө катары кармалган.

Премьер-министрликтен президенттикке

Азыр болсо Эрдогандын партиясынын күтүлгөн жеңишине алардын башкы саясий атаандашы, оңчул "Улуттук аракет" партиясындагы ички жаңжалдар, анын айрым мүчөлөрүнүн саясий ишмердикке шайкеш келбеген жоруктарын көрсөткөн тасманын коомчулукка шардана болуп кетиши да салым кошууда. Бул партия алдыдагы шайлоодо болгону 10% добуш алчудай.

Стамбулдагы Кадир Хас университетинин эл аралык байланыштар боюнча профессору Соли Өзелдүн пикиринде, парламенттеги жылгыз үстөмдүк премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын бийликти каалагандай калчоосуна алып барат:

Түрк парламенти
- Биз мурдагыдан да кубаттуу Режеп Тайып Эрдоганга, балким авторитардык Түркияга ээ болобуз. Саясий илимде шайлоо же атаандаштык авторитаризми деген түшүнүк бар. Шайлоо өтө берет, мекемелер иштей берет. Бирок бийлик бир жерге топтоштурулат.

Менимче бул Венесуэлдагы жагдайга окшошуп турат. Ал жерде оппозиция бар, шайлоо бар. Бирок Уго Чавез абдан эле кубаттуу, бийликтин баарын өз колуна монополдоштуруп алган. Биз мына ушуга барып токтойбуз, анын үстүнө премьер-министр президенттик системага баруу мүдөөсүн билдирди.


Президенттин ыйгарым укугун күчөтүү Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда жактырылгандан да радикалдуу өзгөртүүнү киргизүүнү талап кылат. Шайлоочулардын 56 пайызы колдогон ал өзгөртүү армиянын бийлигин бир топко алсыраткан.

Стамбулдук саясат таануучу Менсур Акгюндун айтымында, Эрдоган президенттин бийлиги азыркы мамлекет башчы Абдулла Гүл аткарып жаткандан кубаттуу болушун көздөйт:

- Премьер-министр Эрдоган албетте өзүн президенттикке даярдоодо. Бул бардык жагынан байкалып жатат. Ал Конституцияга президентке бийликтин көбү берилгидей кылып өзгөртүү киргизилишин, өлкөнү премьер-министр эмес, президент башкаруусун каалайт.

Менимче ал Түркияда да Франциядагыдай модель болушуна ыктоодо. Бирок мен ал буга жетише алат деп ойлобойм. Анткени президенттик системага анын өз партиясы ичинде да каршылар бар. Себеби бул дээрлик 70 жыл ичиндеги парламенттик системада калыптанып калган эрежелер менен салттарды кеңири масштабда өзгөртүүнү талап кылат.


Эрдоган президенттикти мурастабаган күндө да сынчылар аны партиясындагы диктаторлугу үчүн айыпташат. Саясат таануучу Соли Өзел Эрдогандын партиясын шайлоо сайын тазалап турушун Түркиянын демократиясы үчүн терс көрүнүш катары баалайт:

- 2007-жылы ал парламентарийлердин үчтөн экисин тазалаган, көз карандысыз туруму барлардын баарын четтеткен. Эми кайрадан 220дай парламентарийди кетирди жана мындай кадамы аркылуу баарына ал партиясында султан экендигин көрсөттү. Бул биздин өлкөдөгү демократиялык саясатка эч жакшылык алып келбейт.

Эрдоганды эл эмне үчүн жакшы көрөт?

Жогорудагыдай сындарга карабай Эрдоган жана анын партиясы түрктөр арасында абдан популярдуу. Көптөргө “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын бийликти өкүлчүлүгү аз элитадан алып аны өсүп келе жаткан, арасында диний консерваторлор да бар ортоңку тапка берерин кылдат каңкуулаганы да жагат.

Саясат таануучу Менсур Акгюндун пикиринде, күлүк күнүндө, тулпар тушунда дегендей Эрдогандын саясий машинасы азыр саясаттагы реалдуу ийгиликтеринен жана ишенимдүү атаандаштыктын жоктугунан улам шыр иштөөдө:

- Бул экономикадагы, жаңы долбоорлорду чыгаруудагы ийгиликтерге, мисалы саламаттыкты сактоо тармагындагы ийгиликтерге байланыштуу. Ошондой демократиялаштыруу аракеттеринин, тышкы саясатта жасалган көп иштердин салымы бар. Ар кандай маселелердеги бекем турум, жарашууга ыктаган мамилеге да байланыштуу. Адамдар аларды жакшы көрөт, буга кошумча кубаттуу оппозиция да жок.

Түркиянын экономикасы азыр жылына 9 пайыздын тегерегинде өсүүдө. Шайлоо өнөктүгүндө болсо Эрдоган улуттук сезимди козгогон маселелерге да кайрылып жатат. Маселен өз өкмөтүнүн азчылыкты түзгөн күрддөрдүн маселелерин чечүү аракетинен кетенчиктеп, жакында Түркияда мындан ары “күрд проблемасы жок” деп жарыялады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG