Бишкектеги Курманжан Датканын эстелигинин жанында өлкөнүн булуң-бурчундагы кары-картаңдардын коомдук топторунан келген ыктыярчылар жасаган буюмдар сатылды.
Жармаңкени уюштурган бейөкмөт уюмдар бул иш-чаранын арты менен кары адамдардын пенсиясына көмөктөшүү жана аларга психологиялык жардам көрсөтүү максатын көздөшкөнүн “Азаттыкка” билдиришти.
Жармаңкеге элүүдөй адам катышып, өздөрү жасаган буюмдарды сатып, атайын концерт да коюлду. (BCh)