Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Түркия өкмөтү мусулман эмес азчылыктардан мамлекет мурда тартып алган жүздөгөн мүлктөрдү жамааттарга кайтарып берилерин жарыя кылды.

1936-жылдан тарта өлкөдөгү мусулман эмес коомчулуктун мүлк-дүйнөсү өкмөттүн катуу көзөмөлүнө өткөн же жамаат ээлик кылуу укугунан ажыратылган. Бул Түркиянын калктары арасындагы өз ара ишенбөөчүлүк менен Ислам дининен тыш элдер кабылган кыйынчылыктын оркойгон символу болчу.

Түркиялык армян Мелкон Каракозе чейрек кылымдык күрөшүнүн майнабын тулку бою менен сезүүдө. Ал жетектеген түрдүү армян фондулары Түрк өкмөтү тартып алган жерлерди жана имараттарды кайтарып алуу үчүн Европанын Адам укуктары боюнча сотуна дейре кайрылышкан.

24-апрелде армияда курман болгон теги армян жоокер Севак Сахин Балыкчынын армяндардын Ыйык Варданант чиркөөсүндөгү тажиясы. Ыстамбул, 27-апрель, 2011
“Мен мекенимди сүйөм. Армияда кызмат кылдым,-дейт Мелкон Каракозе. -Биздин тамырыбыз ушул жерде. Мына бул оорукананын аркы тарабындагы жер армяндардын Эдикуле Сурп Пиргик бейтапканасына таандык экенин жаамы журт билет. Жерди мамлекет эски илдетине салып, 1952-жылы бизден тартып алган. Биз азыр аны кайтарып алуу үчүн күрөшүүдөбүз. Ал жерге футбол майданы жана айрым өкмөттүк мекемелер жайгашкан. Биз көп дискриминацияны башыбыздан өткөрдүк. Бактыбызга, жаңыча ойлонгон өкмөт биздин жерибизди кайтарып берет.”

Каракозе жаңыча ой жүгүрткөн өкмөт деп, тогуз жылдан бери бийлик башындагы, ислам тектүү "Адилеттик жана Өнүгүү" партиясын айтат. Кыскача, АК партиясы. Ал өткөн айда мамлекет тартып алган мүлктөр боюнча талашты жөндөө үчүн бир катар юридикалык реформаларды сунуш кылган.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган мусулман эмес жамааттын көрүнүктүү инсандары менен болгон кездешүүдө өкмөт мурда тартып алынган бардык мүлктөр жамааттарга кайтарылат деп сөз берген. “Биздин букараларыбыз дини же теги үчүн, болбосо өзгөчө жашоо жолою үчүн кысымга алынган күндөр бүттү. Бул мээримдүүлүк эмес; бул адилетсиздикти түзөтүү”,- деп түшүндүргөн өкмөт башчы Эрдоган.

Байыркы "румдардын" маселеси качан чечилет?

Ыстамбул Түркияда жүздөгөн жылдардан бери жашап жаткан байыркы жөөттөрдүн да үйү. Өлкөдөгү көпчүлүк жөөттөр Ыстамбулда жашайт.

Испаниялык жөөттөр крестүүлөрдүн инквизациясына кабылганда Осмон падышасы аларга конуш берип, эл кылып алган.
Жөөттөр жамаатынын лидери, беделдүү бизнесмен Исхак Алатон премьер-министрдин сөзүнө карабай, адилеттик жеңил эле келе койбойт дейт:

- Биз ар бирин сот өз алдынча карачу үлкөн баалуулуктар жөнүндө сөз кылуудабыз. Бул узакка созулчу күрөш. Бир күнү биз мүлк-дүйнө өз эгесине кайтарылды, өкмөт мүлктүн мыйзамдуу ээсине компенсация төлөдү, алар канааттанды деп бүтүм чыгарабыз.

Бир кезде Ыстамбулда миллиондогон гректер жашаса, азыр алардын саны бир нече миңди түзөт. Аларды жергиликтүү калк “рум” деп аташат. Өтүп бараткан аптада ыстамбулдук румдар 56 жыл мурдакы талап-тонолуусунун (погром) белгилешти.

Рум коомунун мүчөсү Лаки Вингас мүлктү кайтарып алуу акчадан чоң маселе экенин айтат:

- Бул адам укугу жана маданий мурас маселеси болгондуктан улуттук азчылыктар мүлктү кайтарып берүүнү талап кылышууда. Бул байуунун маселеси эмес. Кайтарылган мүлк азчылыктардын орток коруна түшөт. Үй-бүлөңүзгө таандык нерсени кайтарып алууңуз абзел эмеспи. Азчылыктар дээрлик XX кылым бою жапа чегишти. Эчендеген жылдар бизди чет элдик, бөтөн жерлик деп эсептеп жүрүштү. Ар ким эле эл көзүнө көрүнбөөгө, ишкер чөйрөгө аралашпай, жамаат үчүн иштөөгө, маалымат каражаттарында чыкпаганга аракет кылып жүрдү.
Константинополдун Ортодокс чиркөөсүнүн башчысы Бартолемей I (солдо) Папа Бенедикт XVI Ыйык Георгий чиркөөсүндө утурлап алууда. Ыстамбул. 30-ноябрь 2006

Бирок, Ыстамбулдук саясый талдоочу, улуттук азчылыктар боюнча эксперт Чынгыз Актар Түркия бийликтери ондогон жылдардан берки адилетсиздикти жоюу боюнча олуттуу кадамга барып жатканы менен жеке адамдардын мүлкүн кайтарып берүү жөнүндө сөз жок экенин айтат:

- Бул өтө маанилүү жана чоң кадам, бирок ал жетишсиз. Өкмөт 1936-жылдан бери, балким Түрк Республикасы түптөлгөндөн тарта чечилбей келаткан проблеманы жөндөөгө болгон жакшы ниетин көрсөтүүдө. Бирок башка да чечилчү маселелер бар. Береги иштер ирээти менен жолго салынса, мусулман эмес Түрк букаралары өздөрүн чыныгы үйүндө жашагандай сезип калышат.

Баса, АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон июлда Ыстамбулга келгенде Түрк бийлигин Ортодок чиркөөсүнүн Дүйнөлүк патриархатына караштуу Халки мектебин ачууну сураган. 150 жыл мурда ачылган мектепте түрдүү даражадагы диниятчылар окутулчу.

Ырасмий Анкара болсо Грекиядагы түрк азчылыгына татыктуу мамиле жасалмайын, эч кандай кадамга барбасын айтууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG