Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

1-январда Голландияда түрктөрдүн мечитине чабуул жасалып, Европада исламофобиянын жайылып бараткандыгы жөнүндөгү маселени кайрадан күн тартибине койду.

Европанын айрым өлкөлөрүндө шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болууну каалаган улутчул маанайдагы саясатчылардын коомдогу бардык терс көрүнүштөргө мусулман мигранттарды байланыштыруусу Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер Түркиянын тынчсыздануусун жаратты.

Голландияда улутчул маанайдагы “Эркиндик” партиясынын лидери Геерт Вилдерстин Ислам дини тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрү, Франциянын президенти Николя Саркози менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна каршы турушу түрк коомунда нааразылыктарды жаратып келет.

Түркия-Евробиримдик мамилелеринин өткөн чагы жана келечеги тууралуу ой толгогон түрк жазуучусу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Орхан Памуктун пикиринде, Мустафа Кемал Ататүрктүн реформалары менен Батышка карай ташталган чоң кадам кийинки жылдардын ичинде токтоп бараткансыйт.

2002-жылы көпчүлүктүн добушу менен бийликке келген АК партиясы адегенде Евробиримдикке мүчө болуу жараянына дем берип, көптөгөн экономикалык, саясий, юридикалык жана коомдук реформаларды ишке ашырды. Ошол реформалардын алкагында Европанын талаптарына шайкеш аскерлердин саясаттагы таасири азайтылып, өлкөдө жашаган күрт тектүү атуулдаргае кеңири укуктар берилди. Бирок буга карабастан Евробиримдикке мүчө болуу жараянында европалыктар тараптан байма бай жаңы талаптардын коюлуусу жана континентте мусулман иммигранттарга каршы сезимдердин күчөшү “биримдике мүчө болуунун башкы талабы экономикалык-саясий жана коомдук реформалар эмес, түздөн түз диний айырмачылыкта жатат” деген пикирдин күч алышына себеп болууда.

Жазуучу Орхан Памук бул темада жазган макаласында буларды белгилейт: “акыркы жылдардын ичинде Түркиянын Евробиримдикке мүчө болууга байланыштуу сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай майнап чыкпай жатат. Тез арада чыгары да күмөн. Кайсы бир күнү Түркия Евробиримдикке мүчө болору тууралуу эч кандай бир реалдуу үмүт жок. Бирок бул чындыкты эч ким бетке тике айтууга батына албай жатат. Европалыктардын “улуу маданий салттарынан”, кылымдар бою уланган жаңжалдар жана согуштар менен үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн тонолуп келаткан байлыктардан кол жууп каламбы деп карбаластай түшүүсүн аңдоого да болор эле. Бирок эгерде Европа өзүн коргогусу келсе, өзүнчө обочодо турганга караганда бир учурда жалпы дүйнө интеллигенциянын чордонуна айландырган фундаменталдык байманаларын эстесе жөн болмок”.

Ал эми голландиялык саясатчы Геерт Вилдерс “Ислам биздин батыштык цивилизация же демократия менен жанаша жашай албайт. Ислам дин эмес, ал – тоталитардык идеология. Ал дүйнөнү бүтүндөй өзүнө багындырып, шарыят менен башкарылган бир дүйнөнү жаратуу максатын көздөйт”,-деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG