Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Евробиримдик менен Түркиянын Европага агылган качкындар маселесин чечүү боюнча кечээ Брюсселде башталган чукул саммити дагы узарды.

Ага Түркиянын бул кызматташтык үчүн бөлүнчү каражатты көбөйтүү жана өлкөнүн Евробиримдикке кирүү жараянын тездетүү сыяктуу сунуштары себеп болду.

Брюсcелдеги саммитте Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгө салуу жолдору изделүүдө. Анда Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери Түркиядан качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты кайтарып алууну сурап, анын шарттары талкууланууда. Былтыр ноябрда Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен эле. Ага ылайык, Түркияда качкындардын жашоо-шартын камсыздоо үчүн Брюссель Анкарага 3,3 миллиард доллар бөлгөн.

Соңку айда Евробиримдикке мүчө эмес Македония менен Балкан аймагындагы башка мамлекеттер бозгун-мигранттар үчүн чек арасын чектеп коюшу абалды дагы курчутту. Мындан өзгөчө качкындар жолундагы Греция азап тартууда. Бул өлкөдө азыр Түркиядан деңиз аркылуу өтүп, кайра чыга албай топтолуп калган качкындардын саны 30 миңден ашты. Мындан тышкары өлкөгө күнүнө эки миңдей качкын кирүүдө. Грециянын премьери Алексис Ципрас ушундан улам бул саммитте маселе чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Германия канцлери Ангела Меркел саммит алдында журналисттерге буларды айткан:

- Биз мыйзамсыз мигранттардын агымын азайткыбыз келип жатат. Бирок бул кайсы бир өлкөгө эмес, бардык өлкөлөргө, анын ичинде Грецияга да тийиштүү болушу керек. Андыктан бизге Евробиримдиктин тышкы чек арасын коргой алчу туруктуу чечим зарыл. Ал эми деңиздеги чек араны коргоо Түркия менен кызматташтык аркылуу гана мүмкүн болот.

Ошентип Евробиримдик лидерлери бул саммитте Түркия менен оңой эле тил табышарына үмүт артып турушкан. Бирок түрк тараптын мындай кызматташтыкка жооп катары мурдагыдан көбүрөөк акы сурашы бир күндүк саммитти узартып, Европа лидерлерин ойлонтуп койду.

Маалымат агенттиктери дипломатиялык булактарына шилтеп жазышынча, Анкара сириялык качкындарды Түркияда кармап, алардын жашоо шартын камсыздоо үчүн мурда бөлүнгөн 3,3 миллиард доллар каражатты эки эсе көбөйтүүнү сураган. Мындан тышкары Анкара түрк жарандары үчүн Евробиримдикте виза режимин жеңилдетүү жана Түркиянын биримдикке кирүү жараянын тездетүү сыяктуу талаптарды койгону да айтылууда.

Муну түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу да жыйын алдындагы сөзүндө кыйыткандай болгон:

- Түркия Евробиримдик менен кызматташууга жана ага мүчө болууга да даяр. Бул саммит мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуга эле эмес, Түркиянын Евробиримдикке киришин тездетүүгө да таасирин тийгизет жана бул биздин алака-катыштагы бурулуш учур болот деген ниеттемин.

Түркия көптөн бери эле Евробиримдикке мүчө болууга умтулуп келет. Бирок өлкөдөгү адам укуктарына, сөз эркиндигине жана башка маселелерге байланышкан жагдай Европа тарапты тынчсыздандыргандыктан ал жараян кыйла басаңдап калган. Түркиянын бул сунушу эми Анкара өлкөдөгү эң көп нускалуу “Заман” гезитин басып алышына Евробиримдик тынчсыздануу билдирген учурга туш келип отурат.

Түркиядагы күрттөрдүн таламын талашкан жана оппозициядагы Элдик-демократиялык партиянын лидери Салахиттин Демирташ Анкара Евробиримдикке кирүүнү качкындар маселесине таяп талап кылганы туура эместигин айтып чыкты:

- Биз Түркия Евробиримдикке киришин кош колдоп колдойбуз жана качкындар маселесин чечүү үчүн биримдик ушундай кадамга барышына каршы эмеспиз. Бирок муну менен Түркиядагы адам укугун бузган жагдайлар көз жаздымда калбашы керек, - деген Демирташ бул Европа баалуулуктарына ылайык келбесин баса белгиледи.

Бул арада Грециянын Македония менен чек арасына топтолгон миңдеген качкындар чектөө алынышын чыдамсыздык менен күтүп отурат. Алардын бири, сириялык Мухаммад чек ара ачыларынан үмүт кылып турушканын айтат:

- Мен бийликтер бул проблеманы чечип, биз Германияны көздөй жылабыз деген ниеттемин. Германия болбосо да, Европага. Бизге ысык суу керек, абалыбызды көрүп турасыңар. 16 күндөн бери чайына элекпиз, үй-бүлөм да ошондой, жуунганга шарт жок.

Мухаммад Брюсселдеги жыйында маселе оң жагына чечилерине зор үмүт артып турганын, согуш оту алоолоп күйүп турган мекенине кайра кайтууга жол жоктугун кошумчалады.

Балкандагы бул өтмөк Европаны көздөй агылган бозгун-мигранттардын негизги жолуна айланган. Алар алгач Түркиядан деңиз аркылуу Грецияга өтүп, анан Македония жана Сербия аркылуу Европа өлкөлөрүнө киришет. Өткөн жылы эле бул жол аркылуу Евробиримдик аймагына 880 миңдей адам кирсе, быйыл жыл башынан бери эле 132 миңдей адам өткөн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG