Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

ЕБ талабын Түркия аткара алабы?


Еврокомиссия Түркия жарандарына Шенген аймагына визасыз кирүүнү 4-майда сунуштады. Эми келишимди Биримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү жана Европарламент жактыргандан кийин күчүнө кирет.

Еврокомиссия эгер Түркия макулдашууга ылайык өзүнө алган 72 милдеттенменин шарттын толук аткарса, түрк жарандарына Шенген аймагына визасыз кирүүгө уруксат берүүнү сунуштады.

Эң башкы шарт – Европага кирчү түрк жарандарында заманбап биометрикалык паспорт болушу керек.

Бул тууралуу 4-майда Брюсселде өткөн жыйында Еврокомиссиянын төрага орун басары Франс Тиммерманс билдирди:

- Түрк өкмөтү өзүнө алган милденттенмелерди ишке ашыруу үчүн саясий чечкиндүүлүк керек. Биз өз сунуштарыбызды Европарламентке жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн бийликтерине жөнөтөбүз. Анан Түркиянын чечимине жараша визасыз режим июнь айынын соңуна чейин киргизилип калышы мүмкүн.

Еврокомиссия жетекчисинин орун басары Франс Тиммерманс
Еврокомиссия жетекчисинин орун басары Франс Тиммерманс

Учурда Брюссель расмий Анкара европалыктар койгон эң негизги талаптарга маани бериши керектигин эскертүүдө. Биометрикалык паспортон тышкары кеп коррупция менен күрөшүү, Европа мамлекеттери менен полиция жана сот багытында кызматташуу, ошондой эле миграциялык байланышты камсыздоо боюнча жүрүүдө.

Түркиялык адвокат Бурак Унсал түрк өкмөтү өзгөчө сөз эркиндигине маани бериши зарыл деп белгилейт:

- Мыйзамдагы өзгөртүүлөр негизинен сот адилеттигине, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигине, азчылыктардын жана жалпы адам укуктарына байланыштуу болот. Түркия өкмөтү үчүн 72 талаптын ичинен эң татаал маселелердин бири - сөз эркиндиги. Анткени түрк өкмөтү аны сындаган медиа каражаттарды басмырлоону улантууда.

Байкоочулар келишим учурда эки тарап үчүн олуттуу мааниге ээ экенин белгилеп жатышат. Визасыз режим киргизүү Анкара менен Евробиримдик качкындардын агымын азайтуу боюнча түзгөн келишимдин бир шарты болчу. Макулдашуу боюнча Түркия өз аймагынан Грецияга кирген бардык мыйзамсыз качкындарды кайтарып алат. Бул үчүн шаркет түрктөргө алты миллиард евро жардам жана саясий жеңилдиктерди убада кылган. Андан тышкары Евробиримдик артка кайтарылган ар бир качкындын ордуна Түркиядан сириялык качкынды кабыл алууга макул болгон.

Укук коргоочулар бул схеманын мыйзамдуулугунан күмөн санашып, Түркия депортацияланган качкындар үчүн кооптуу деп коңгуроо кагып келишет. Ошентсе да апрель айында Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жаңы макулдашуу натыйжа берип жатканын айтып, грек аралдарына келип жаткан мигранттардын саны кыйла азайганын белгиледи.

Евробиримдик менен Анкара ортосунда түрк жарандарына Шенген аймагына визасыз кирип-чыгууну камсыздоо боюнча сөз 2013-жылдын 16-декабрында козголгон. Эгер ал колдоо тапса, Түркиянын жарандары Шенген аймагында 90 күн визасыз жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG