Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Түркиянын болочок премьер-министри ким?


Бинали Йылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.
Бинали Йылдырым. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Түркияда өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору аныкталды. Бийликтеги АК партия бейшемби күнкү жыйынында лидерликке транспорт министри Бинали Йылдырымды көргөздү. Ал көптөн бери президент Режеп Тайип Эрдогандын эң жакын адамдарынын бири.

Акыркы жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери президент Режеп Тайип Эрдогандын “жакын досу” катары саналган Бинали Йылдырым АК партиянын лидерлигине тандалганы бейшемби күнү чоң салтанат менен жарыяланды:

- Мыйзамгерлер менен кеңешүүнүн натыйжасында биздин урматтуу досубуз, Измир провинциясынан депутат, транспорт, деңиз иштери, коммуникация боюнча министр Бинали Йылдырым партия лидерлигине тандалды, -деди АК партиянын расмий өкүлү Өмөр Челик бейшемби күнкү конференцияда.

Алтымыш жаштагы Йылдырымдын президент менен байланышы 1990-жылдардын экинчи жарымына, Режеп Тайип Эрдоган Стамбул шаарынын мэри болуп турган кезге барып такалат.

Ал учурда Түркиянын эң ири шаарынын деңиз транспорту секторунда иштеген Йылдырым Эрдоган менен бирге 2001-жылы АК партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында турган.

AK партиянын жыйыны. Анкара, 19-май, 2016-жыл.
AK партиянын жыйыны. Анкара, 19-май, 2016-жыл.

Партия 2002-жылы алгачкы шайлоосун жеңгенден бери транспорт министринин кызматын аркалап келген.

Партлидерликке талапкер катары тандалган соң сүйлөп жатып, болочок премьер президент менен ийиндеше иштөөнү убада кылды:

- Биз башкы негиздөөчүбүз, жолбашчыбыз, партиянын бардык тепкичитериндеги кесиптештерибиз менен биздин улуу Түркиянын максаттарын аркалоо үчүн толук эриш-аркак аракеттенебиз. Мындан эч шек болбошу керек.

Бинали Йылдырым Эрдогандын өкмөтүндөгү транспорт министри катары инфраструктуралык бир катар ири долбоорлорду, анын ичинде Босфордогу жаңы көпүрөнүн, Стамбулдун эки бөлүгүн суу алдынан байланыштырган метронун курулушун жетектеди.

"Миллиондордун адамы"

Болочок премьердин жана анын күйөө баласынын ысымы 2013-жылдын декабрындагы ири коррупциялык жаңжалда чыккан болчу. Анда өкмөт каршы чыккан прокурорлор АК партиянын адамдарына жана алардын туугандарына карата кылмыш иштерин ачышкан. Бирок бул коррупциялык жаңжалдан өкмөт кылмыш иштерин ачкан прокурорлордун өздөрүн камакка алуу менен кутула алды.

Эрдоган жана АК партия тергөөчүлөрдүн аракетин аларга каршы АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен баштаган “параллель мамлекет” тарабынан даярдалган кутум деп сыпаттаган болчу.

Түркиянын парламентиндеги башкы оппозициялык – Элдик республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглы кезинде Бинали Йылдырымды ар бир тендерден акча жасаган “миллиондордун адамы” атаган эле.

Болочок премьер Йылдырым, президент Эрдоган, кызматтан кетип жаткан премьер Давутоглы.
Болочок премьер Йылдырым, президент Эрдоган, кызматтан кетип жаткан премьер Давутоглы.

Кылычдароглынын айтымында, Йылдырымдын наркы 630 миллион долларга бааланган телеканалды жана гезитти сатууга катышы бар.

Бул акча бийликтеги партиянын жана анын лидерлеринин долбоорлоруна колдонуу үчүн мыйзамсыз жыйналганын мурда прокурорлор да билдиришкен. Бирок Эрдоган жана анын өкмөтү буга окшогон ырастоолордун баарын четке кагып келет.

АК партияны такай сындап жүргөн Sozcu гезити өткөн айда биринчи бетине Бинали Йылдырымдун уулунун Сингапурда казинодо отурат делген сүрөтүн жарыялаган. Партиянын расмий өкүлдөрү муну кайра эле Эрдогандын жакын адамын жаманатты кылуу аргасы катары баалашкан.

Ошентип, 22-майда АК партиянын лидерлигине расмий шайлануучу Бинал Йылдырым Түркияда 2012-жылдан тарта киргизилген “де-факто президенттик системадагы” экинчи премьер-министр болот.

Бинали Йылдырым
Бинали Йылдырым

Башкача айтканда, бардык маанилүү маселелерди президент чечет, премьер-министр анын чечимдерин аткарат.

Бирок Түркиянын азырынча өзгөртүлө элек, күчүндөгү Конституциясында президентке караганда премьердин ыйгарым укуктары чоң.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG