Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Эрдоган Германияга таарынды


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Германия өз аймагында түрк бийликтери уюштурган саясий акцияларды өткөрүүгө уруксат бербей жатат деп катуу сындады. 16-апрелге белгиленген референдум алдында түрк өкмөт мүчөлөрү Германияда жашаган миллиондогон түрк жарандарын президентти колдоого үгүттөшмөк.

5-мартта Стамбулдагы митингде сүйлөгөн Эрдоган буга чейинки риторикасын күчөтүп, немис өкмөтү “фашисттик ыкмаларды” колдонууда деп сындады.

"Алар Эрдоган Германияга барат деп чочулашат. Мен баргым келсе барам, мени коё беришпесе, сөз сүйлөттүрбөсө, дүйнөнү көтөрөм. Мен Германияда нацизм доору артта калды деп ойлогом. Бирок ал уланып жатыптыр", - деди Эрдоган.

Өткөн жумада Германиянын бир катар шаарларынын бийликтери түрк министрлеринин катышуусундагы митингдерге тыюу салышкан. Өкмөт мүчөлөрү ал иш-чараларда немис жергесинде жашаган мекендештерин президенттик ыйгарым укуктарды күчөтүүнү караган референдумда Эрдоганды колдоого үгүттөшмөк.

Германияда жашаган 1,5 миллиондой түрк жарандарынын добуштары Түркиядагы саясий жараяндарга чоң салым кошо алат. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум Түркияда 16-апрелде өтмөкчү.

Жекшемби күнү Германиянын Көлн шаарындагы маданий борбордо Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи журтташтары алдында сүйлөмөк. Бирок полиция имаратка кирчү жолдорду тороп салды. Уюштуруучулар бул жолугушуу референдумга чейин эле пландалганын айтышууда. Ал эми түрк маалымат каражаттары министр менен жыйын шаардын башка жериндеги мейманканага которулганын жазышты.

Германия өкмөтү коопсуздук себептерден улам митингдерди өткөрүүгө уруксат берилбегенин билдирди.

Канцлер Ангела Меркелдин кеңсеси Эрдогандын сөзүнө реакциясын билдирген жок. Түрк лидеринин айыптоолоруна Христиан-демократиялык биримдиктин төрагасы жооп кайтарып, президентти каалаганын жете албаган эрке бала менен салыштырды.

Эки өлкөнүн тиреши Европа Биримдигинин тынчсыздануусун жаратты. Австриянын федералдык канцлери Кристиан Керн шаркеттин бардык мамлекеттеринде түрк саясатчыларына үгүт кампаниясын жүргүзүүгө тыюу салууга чакырды. "Муну менен кайсы бир өлкө Германиядай болуп Анкаранын кысымына туш болбойт", - деди канцлер.

Ошондой эле түрк жана немис жарандыгы бар журналисттин Анкара тарабынан кармалышы Германияда коомдук чоң резонанс жаратты. Эрдоган Die Welt гезитинин кызматкери Деңиз Южелди “террорчу” деп айыптады.

“Ал адам террорчу. Ал журналист эмес, Германия өкмөтү, немис бийлиги менин министрлеримди ошол террористке теңешүүдө”.

Сөз болгон конституциялык реформа демилгесин бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" партиясы көтөргөн. Өзгөртүүлөрдү колдогондор муну менен башкаруу системасы жеңил болот дешет. Эрдоган реформа жүргүзүү керектигин эки жыл мурун президенттикке келгенде эле айта баштаган.

Ал эми негизги оппозициялык партиялар Баш мыйзамды өзгөртүү менен башкаруу толугу менен бир адамдын колуна өтөрүн, анын кесепеттерин төңкөрүш аракетинен кийинки камакка алуулар көргөзүп жатканын белгилешет.

Былтыр июлда ишке ашпай калган кутумдан кийин уланып келаткан массалык камакка алуулар, куралдуу күчтөрдө, академиялык чөйрөдө, журналисттер арасында тазалоо, куугунтуктоолор Батыштын катуу сынына кабылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG