Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

26-сентябрга карата аба-ырайы


26-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,

Талас жергесинде түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27,

Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+33,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +21...+26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8 градус болот.

Бишкек шаары боюнча 26-сентябрда ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүз 25…27° жылуу болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG