Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Сирия өкмөтү Алеппону алуу боюнча жердеги операцияларды баштады


Сирия.
Сирия.

Өкмөттүк күчтөр Алеппонун мурда козголоңчулар көзөмөлдөгөн борбордук райондорунун бирин ээлегени кабарланууда. Башар Асаддын армиясы Алеппону алуу боюнча жерде операция жүргүзүүдө. Алеппо 2012-жылдан бери экиге бөлүнүп турат. Шаарда 250 миңден ашуун жаран курчоодо калган. Сириянын мамлекеттик телеканалы армия Фарафра районун алганын жана түндүктөгү тарыхый борбордун жанында салгылашуулар уланып жатканын маалымдады.

Алепподогу операциялар 22-сентябрда Орусия жана АКШнын ортомчулугу менен түзүлгөн тынчтык режими бузулгандан кийин башталды. Эки тарап тең ок атышууларды токтотуу келишимин бузду деп бири-бирин күнөөлөп жатышат. Ошондон тарта сириялык жана орусиялык аба күчтөрү Алеппонун айланасындагы райондорду чыгыш тараптан бомбалоодо.

XS
SM
MD
LG