Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Стамбулдагы жардырууда 11 киши набыт болду


Жардыруу болгон жерден тартылган сүрөт.
Жардыруу болгон жерден тартылган сүрөт.

Стамбулда таңкы нөөмөт алмашуудан соң полицияны ташып бараткан автобус жардырылды. Унаага коюлган бомбадан полициянын жети кызматкери жана төрт жөнөкөй жаран көз жумду.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия терроризм менен акыр аягына чейин күрөшөрүн билдирди. Бул тууралуу Эрдоган бүгүн 11 адамдын өмүрүн алган Стамбулдагы жардыруудан соң айтты.

Жардыруудан 36 адам жарадар болуп, ондон ашуун адам мерт кетти. Ичине жардыргыч заттары толтурулган автоунаа полициянын автобусу өтүп баратканда жардырылган. Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин билдиришинче, каза болгондордун жетөө полиция кызматкерлери.

Автобусту бутага алган жардыруу

7-июнда Түркиянын Стамбул шаарында эртең мененки нөөмөт алмашуудан чыккан полиция кызматкерлерин ташып бараткан автобус жардырылды. "Азаттыктын" Түркиядагы кабарчысы Айпери Сейитбекова жардыруунун кесепеттерине күбө болгон. Ал жардыруу болгон жайдан төмөнкүлөрдү кабарлады:

- Мендеги маалыматтар боюнча, жардыруу полиция кызматкерлери бири-бирине нөөмөт тапшырып кетип жатканда болгон. Ошол учур полициячыларды жардыруу үчүн тандалган деп жатышат. Жети полиция жана төрт түрк жараны көз жумган. Дагы 36 жаран жаракат алган. Бирок алардын канчасы жергиликтүүлөр, канчасы туристтер же студенттер экени айтыла элек.

Жаракат алган отуз алты кишинин ичинен үчөөнүн абалы азыр оор экени кабарланууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бомба аралыктан туруп башкарылган. Бомба катылган автоунаа аялдаманын жанынан полициянын автобусу өтүп бараткан учурда жарылган. Андыктан экстремисттер полициянын автобусун жардырууну көздөшкөн деген версия айтылууда.

Жардыруу болгон Везнежилер району Султан Сулайман мечити турган Түркиянын негизги туристтик жайларынын бири деп саналат. "Азаттыктын" Түркиядагы кабарчысы Айпери Сейитбекованын айтышынча, жардыруудан Стамбул университетинин бир нече окуу корпустары да жабыркаган.

- Жардыруу болгон район эл, туристтер, студенттер көп жүргөн аянт. Ал жерде Стамбул университетинин окуу корпустары, кыздар жатаканасы, ири мейманканалар жана полиция башкармалыгы бар. Дүкөндөр бузулуп, кыздар жатаканасынын терезелери сынган. Бомбанын сыныктары айланадагы бүт имараттарга зыян келтирген.

Жардыруунун орозо айынын башталышында орун алышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Кандай болгондо да жыл башынан бери Стамбулда үчүнчү ирет болгон жардыруулар өлкөдөгү туристтик сезонго да кыйла зыян тийгизгени айтылууда. Маселен, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда Стамбулга келген туристтердин саны 28% кыскарган.

Бул жардыруу Стамбулда жыл башынан берки ушул сыяктуу үчүнчү окуя болуп калууда. Буга чейин апрел жана март айларында да эки жолу жардыруу болгон. Андан 18 киши каза болуп, ондогон тургундар жарат алышкан.

Азырынча 7-июндагы жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Түрк бийликтери да жардыруунун күнөөкөрлөрүн расмий атай элек.

Бирок буга чейинки Түркиядагы жардырууларды “Ислам мамлекети” тобу менен өлкөдө тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясы уюштурганы маалымдалып келет.

XS
SM
MD
LG