Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Стамбул түнкү тирешүүдөн соң тынч...


Стамбулдун Таксим сейилбагынан демонстранттарды сүрүп чыгуу учуру. 11-июнь, шамдан кийин.
Стамбулдун Таксим сейилбагынан демонстранттарды сүрүп чыгуу учуру. 11-июнь, шамдан кийин.

Таксим сейил багы полициянын атайын күчтөрү менен антиөкмөтчүл демонстранттар ортосундагы түнкү кагылыштан кийин тынчыгансып калды.

Сейил бакты кечээ шамга жуук кайра ээлеген адамдардан тазалоо үчүн полиция аларга каршы дембе-дем көздөн жаш агызчу газ, желим ок жана катуу басым астында суу атып жатты. Ага жооп иретинде протестчилер полицияга таш, Молотов коктейлин ыргытып, жалгама от бүрккүчтөн жалын атышты.

Шаршембиге оогон түн Стамбулда 31-майда антиөкмөттүк чыгуулар башталгандан берки эң коогалаңдуу түн болгону айтылууда. Көздөн жаш агызчу газдын, желим октордун жана суунун агымына туруштук бере албаган демонстранттар Таксим сейил багынан туташ жайгашкан Гези паркына чегиништи.

Полициянын атайын күчтөрү менен болгон түнкү таймашта канча демонстрант жарадар болгону тактала элек. Бирок алардын утуру тез жардам чакырган үнү аянтта угулуп жатты.

14 млн. калктуу Стамбулдагы кырдаал шейшемби күнү үрүл-бүрүлдө жүздөгөн полициячылар антиөкмөттүк чыгуулардын очогу - Таксим сейил багына чабуул койгондон кийин курчуду. Барсылдама гранат, газ жана суу бүрккүчтөр менен куралданган полиция түш оогон ченде демонстранттарды Таксимден сүрүп салган. Бирок кечке чукул алар кайра чыйралып, полицияга бетме-бет чыгышты.

Стамбулдун губернатору Хусейн Авни Мутли шейшемби күнү көз байланар алдында сүйлөп, полициянын атайын күчтөрү Таксимди протестчилерден тазалмайынча, операция токтобой улантыла берерин билдирди:

- Мен адамдардан сураймын: Таксим сейил багында коопсуздук толук орнотулмайынча, скверге барбагыла. Ал жакты ар кошкон топтордон толук тазалап, коомчулукка кайра ачканга чейин биз күнү-түнү этияттыкты сактайбыз. Биз зарыл чараларды көрүп жатканда, ар бир жаранды полицияга жардамдашууга чакырам.

Бир нече күн илгери премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган өкмөткө каршы демонстрацияларга “чыдай албасын” эскерткен.

Антиөкмөттүк акциялар Таксим сейил багынын ордуна оюн-зоок жана соода борборун куруу планына каршы өткөн 27-майдагы демонстрациядан башталган. Ал акырындап шаарга жайылып, Эрдоганды авторитардык башкаруу ыкмасын орнотту, өлкөдө исламды орнотууга аракет кылууда деген сындоолор менен коштолду. Мындай айыптоолорду Эрдоган четке кагып, митингчилерди “бейбаштар” жана “демократиянын душмандары" деп атаган. Ал 10 жыл илгери өкмөт башына келгенден бери азыркыдай катуу кысымга учурай элек болчу.

Анкарадагы демонстрациядан бир көрүнүш. 11-июнь, караңгы түшкөндөн кийин.
Анкарадагы демонстрациядан бир көрүнүш. 11-июнь, караңгы түшкөндөн кийин.
Шейшемби күнү кайрадан Түркиянын байтакты Анкарада жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыкканы, аларды полиция суу жана көздөн жаш агызчу газ атып таркатканы маалымдалды. 13 күндөн берки тополоңдо 4 адам курман болуп, 5 миңдей адам жараат алганы кабарланууда.

11-майда АКШ Түркиядагы кризис боюнча жаңы билдирүү жасады. Билдирүүдө Түркия Вашингтондун “жакын досу” деп сыпатталып, Барак Обаманын кеңсеси жагдайга “тынчсыздануу менен көз салып” турганы айтылат. Ошондой эле Түркиянын жетекчилигин сөз, жыйналуу, уюмга биригүү эркиндигин, ошондой эле эркин жана көз карандысыз медианы урматтоого чакырат.

XS
SM
MD
LG