Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

27-февралдын аба ырайы


Бишкек-ОШ жолу
Бишкек-ОШ жолу

26-27-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу каттамынын 65-90 чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90, Красная-Горка-Ак-Таш жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун Кара-Көө ашуусунда, 67-94 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда 45-92- чакырымдарында, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Барскоон жана Сөөк ашууларында көчкү коркунучу сакталууда. Жолдордо кар күрткүсү жана тайгак болуп, муз тоңот. Машинелер ортосундагы 500 метр аралык сакталышы абзел.

Кыргызстанда 27-февралда жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 11…16;

Суусамырда түнкүсүн -29…-34, күндүз -12…-17;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 9…14;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында 27-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 14…16 градуска чейин көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG