Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ирактын күчтөрү Мосулдун жанындагы 15 айылды бошотту


Мосулдун батышын бошотуу операциясы, 19-февраль 2017-жыл.
Мосулдун батышын бошотуу операциясы, 19-февраль 2017-жыл.

Ирак аскерлери Мосул шаарынын батышына бараткан жолдо 15 айылды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошотконун билдирди. 20-февралда өкмөттүк аскерлер Мосулдун түштүгүндөгү аэропортко жакындашты. Бирок согушкерлер өздөрүнүн Ирактагы баш калаасы деп атап алган Мосул шаары үчүн катуу каршылык көрсөтүп жатканы кабарланды.

Мосул шаарынын батыш тарабын бошотуу операциясы 19-февралда башталган. Бул шаарды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери 2014-жылдын жаз айларынан бери көзөмөлдөп келет. Ирак аскерлерине АКШ аба күчтөрү, шиит жоокерлери жана күрттөрдүн пешмерга күчтөрү көмөк көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG