Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Жогорку Кеңешке сөз эркиндиги боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушталды


Сөз эркиндигин коргогон марш. Бишкек. 218-март, 2017-жыл
Сөз эркиндигин коргогон марш. Бишкек. 218-март, 2017-жыл

Көз карандысыз журналисттер союзу Жогорку Кеңешти сөз эркиндигинин абалы боюнча парламенттик угуу өткөрүүгө чакырды. Аталган уюм бул боюнча парламентке кайрылды.

Кайрылуу ээлери Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен сөз эркиндиги жана демократия менен камсыз болуу жагынан жогорку деңгээлди ээлеп келгенин белгилеп, бирок бийлик айрым маалымат каражаттарын ири суммадагы жаза айып менен кошо сот жообуна тартуусу өлкөнүн демократиялык жетишкендиктерин коркунучка кептерин эскерткен. Анда "маалымат каражаттары саясатчылардын айткан сөзүн жарыялоо менен материалдык жоопкерчиликке тартылбашы керектиги" айтылган.

«Биз Башкы прокуратураны жана Социал-демократтар партиясын «Азаттык» радиосунун, Zanoza.kg жана «24.kg» сайттарынын үстүнөн берилген доо арызын кайтарып алууга чакырабыз. Журналисттер маалыматты жалпы булактардан алып, текшерип, таратууга жана жарандарды маалымат менен камсыз кылууга укуктуу" деп белгилеген кайрылуу ээлери мамлекеттик биринчи адамдардан сотко доо арыз берилиши цензураны күчөтүп, Башмыйзам кепилдеген ачыктык принциптерине каршы келерин эскертишүүдө.

Ленин райондук соту "Азаттык" радиосу менен Zanoza.kg сайтынын банк эсептерин камакка алуу боюнча 14-мартта аныктама чыгарганы 22-мартта белгилүү болду. Өткөн аптада соттун аныктамасы менен адвокат Таалайгүл Токтакунова менен журналист Нарын Айыптын мүлкү да камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG