Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Түркияда өкмөттүн реформа боюнча планы жарыяланды. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган алдыда ишке ашырууга мерчемделген чараларды “өтө маанилүү кадам” деп атап, өлкө “тарыхый учурду” баштан кечирип жатканын белгиледи.

Түркияда өкмөттүн “демократиялык топтом” деген атка конгон реформалары узактан бери күтүлүп жаткан. Премьер - министр Режеп Тайып Эрдоган ошол болочок реформалардын айрым өңүттөрүн Анкарада атайы уюштурулган басма сөз жыйында ачыктады.

Күрт козголоңчулары менен башталган тынчтык жараянды сактоого багытталган реформалар шайлоо системасын өзгөртүүнү, күрттөрдүн тил боюнча укугун кеңейтүүнү да камтыйт. Маселен саясий партиялардын парламентке өтүшү үчүн коюлган чек, алдыда азыркы 10 пайыздан ылдый түшүрүлүүсү мүмкүн:

- Биз улуттук чекти 10% менен эле калтыра алабыз же биз аны беш пайызга түшүрүп, аймакташ шайлоо системасын беш топко бөлсөк болот. Ал эми үчүнчү вариант партиялар үчүн парламентке кирүүчү чекти такыр эле алып салып, муну аймактык шайлоо системалары аркылуу ишке ашыруу.

Күрт эли Эрдоганды угууда. Диярбакыр, 30-сентябрь, 2013-жыл.

Күрт эли Эрдоганды угууда. Диярбакыр, 30-сентябрь, 2013-жыл.

Түркияда саясий партиянын парламентке кириши үчүн коюлган 10% чек дүйнөдө эң жогоркулардан. Мындан улам күрт партиялары парламент сыртында калып, бул өз кезегинде өлкөнүн 76 миллион калкынын 20% түзгөн күрттөрдүн башкы таарынычтарынын бири.

Ал эми алардын тил укугун кеңейтүү маселесине келсек, мамлекеттик эмес мектептерде эми түрк тилинен башка тилдерде да окутууга уруксат берүү сунуш кылынууда:

- Өткөн жылы биз мамлекеттик мектептерде түрк тилинен башка тилдерде да окутууга жол ачкан өзгөртүүнү даярдаганбыз. Эми мамлекеттик эмес мектептерде да түрк тилинен башка тилдерде окутууга мүмкүндүк болот.

Мындан сырткары күрттөрдүн үч тамгасын колдонууга салынган тыюу жоюлат. Айыл-кыштактардын аттарын күрт тилинде да атоого болот. Бирок күрттөрдүн "Тынчтык жана демократия" партиясынын төрага орун басары Гултан Кисана дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында сунушталган реформалар тынчтык жараянын алга жылдырууга жетишсиз экендигине токтолду.

Еврокомиссиянын өкүлү Питер Станно алар реформа боюнча сунуштар турмушка кандайча ишке ашарына, кандай мыйзамдар кабыл алынып, кандай конкреттүү чаралар көрүлөрүнө кылдат байкоо салышарын белгиледи.

Түрк өкмөтүнүн жаңы сунуштары күрттөр менен тынчтык жараянды алга жылдыруудагы маанилүү кадам катары каралууда. Күрттөрдүн куралдуу жикчилери менен өкмөттүн отуз жылга созулган жаңжалында 40 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Тыюу салынган Күрт Жумушчу партиясы менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында быйыл мартта ок атышуу токтогону жарыяланган, ал эми жайдан тарта күрт согушкерлери Түндүк Ирактагы базаларына кете баштаган.

Өткөн айдын башында алар өлкөдөн чыгып кетүү жараянын токтотконун билдиришип, түрк өкмөтүн убада кылынган реформаларды ишке ашырбай жатат деп сындаган. Эрдоган болсо согушкерлердин 20% гана кеткенин билдирип, убадаларын аткарбаганы үчүн алардын өзүн күнөөлөгөн.

Түрк полициясы менен күрт козголоңчуларынын кагылышы. Хаккяри, 30-август, 2013-жыл

Түрк полициясы менен күрт козголоңчуларынын кагылышы. Хаккяри, 30-август, 2013-жыл

Байкоочулардын баамында, сунуш кылынган реформа премьер-министр Эрдогандын саясий келечеги үчүн да маанилүү. Анткени алдыдагы эки жылда Түркияда жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт.

Эрдоган Анкарадагы басма сөз жыйында өкмөт реформа планынын алкагында аялдардын мамлекеттик мекемелерде хижабчан жүрүүсүнө салынган тыюуну да жойо турганын кошумчалады:

- Биз кызматчылардын мамлекеттик мекемелерде жүрүү эрежеси боюнча жобону өзгөртөбүз. Аялдардын жоолукчан жүрүүсүнө салынган тыюуну жойобуз. Мурдагы жободо аялдар үчүн да, эркектер үчүн да чектөө бар болчу. Бул дин жана ишеним укугун бузгандык, ага карата карата дискриминация.

Бирок жаңы эреже сот системасы менен армияда иштегендерге жайылтылбайт.

Калкы мусулман болгону менен мамлекеттик иштерде секулярдык принциптерди карманган Түркияда мурда аялдардын коомдук жана мамлекеттик жайларда хижабчан жүрүүсүнө жол берилчү эмес. Эрдогандын баистүү исламчыл “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы бийликке келгенден бери бул эрежени баскыч-баскыч менен жумшартып келүүдө.

Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы басма сөз жыйында өкмөт ошондой эле өлкөнүн түштүк – чыгышынан сириялык христиандардын эң эски монастрына караштуу жерди кайтарып берерин да жарыялады.

Түркияда сириялык христиандардын 20 миңдейи жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG