Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Ооган регионалдык депутаты АКШ дрону жай тургундарга сокку урганын билдирди


Ооганстан
Ооганстан

Нангархар провинциясынын кеңешинин мүчөсү Есматуллах Шинвари соккудан бери дегенде 13 киши набыт болгонун 28-сентябрда маалымдады.

Анын айтымында, учкучсуз учактын соккусу жергиликтүү уруу башчысынын ажыдан кайтып келишин белгилеп жатышкан кезде урулган. Жарадарлардын саны уруу лидери менен кошо 11 киши болгон. Бирок жергиликтүү полиция башчысы Мохаммед Али окуядан 18 киши, анын ичинен “Ислам мамлекети” террордук уюмунун 15 жоочусу жана үч жай тургун набыт болгонун маалымдады.

Ооганстандагы Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү терроризмге каршы күрөштүн алкагында Нангархар провинциясына сокку урулганын ырастап, жай тургундардын жабыркашы боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG