Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Улуу Памир-35: Комузу жок комузчу


Ашым Апыз, памирлик ырчы. Реми Дор, К. Науманндын "Оогандык Памир кыргыздары" деген китебинен сүрөт.

Ашым Апыз, памирлик ырчы. Реми Дор, К. Науманндын "Оогандык Памир кыргыздары" деген китебинен сүрөт.

Ооган кыргыздары улуттун музыкалык мурастарынын эң байыркы үлгүлөрүн сактап калышкан. Түркияга көчүп келгенден бери жаштар кызыкпагандыктан, бул баалуу булак улам соолуп баратат.

Сайым Мулла Аса айыл башчысынын короосунда тигилген боз үйгө комузун көтөрүп алып келди.

Бишкектин көчөсүнөн көрсөңүз, аны четтен келген деп ойломок эмессиз. Орто бой, кепкачан, базардан же талаадан келгендей, жүзү күнгө тотуккан, кадимки эле айылдан келген токтоо киши.

Конок ээси Касымбектин «биринчи эмне күү экенин айтып, анан ойнобойсуңбу» дегенине кулак деле салган жок.

Өзү туура көргөндөй, өзү туура деп эсептегендей, шашылбастан, комузунун кулагын улам кайра бурап, улам кайра күүлөп, канчалаган күү билсе да, өзүн көптүн бириндей кармап отурат.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


Жашы 50дөн эми ашкан Сайым ооган жерсегинде тоо башында жүргөндө бала кезинен таякка зым тагып алып, күү үйрөнүп баштаган.

Сайым Мулла Аса: Мен Ооганстанда Памилде (Памирде) туулгам. Памилде комузчулар бар элечи. 12 жашымда комуз ойной баштадым. Ал кезде комуз да табылбайт элечи. Таякты комуз кылып алып, Айдар (комузчу Айдар Эрдем Орозмамбет уулу, азыр Улуу Памир айлында жашайт) деген бөлөмө окшогондордон үйрөнчүмүн. 9-10 жашымда комуз кармадым, азыр 100 чакты күү билем.


Түркиядагы Улуу Памир айылында айыл башчысы Касымбек Шакир уулунун короосунда тигилген боз үйдө отурабыз. Мен "эски күүлөрдөн ойной отуруңуз" деп сурандым.

Сайым Тати деген кызга ашык болгон жигиттин тагдырын сүрөттөгөн күүнү чертти.

Чертип бүтүп, бул ырды коштогон эки сап ырды эскерди, анан жаштыгы эсине түштү окшойт, бирок бул кечээ эле болгон окуядай, "биздикилер ашык болгонго кыйын эмес беле" деп күлдү.

Комузчунун ичкиликтерче чалып сүйлөгөнү кулакка назик угулуп жатты:

Таттинан, Татти-ай
Тамагым катти-ай
Суусадым,Татти-ай
Суу берчи, Татти-ай.

Оогандык кыргыз кыз, Реми Дор/Науманн тарткан сүрөт 1970-жылдар

Оогандык кыргыз кыз, Реми Дор/Науманн тарткан сүрөт 1970-жылдар

Оогандык памирчилерде комузчулук өнөр кеңири тараган эмес.

Буга ооган кыргыздардынын музыкасы басылган эски грампластинкадан да күбө болобуз.

Реми Дордун 1978-жылы Австрияда жарык көргөн ал пластинкада 24 чыгармадан экөө гана комуз күүсү, экөөсүн тең Жалал Пангы деген (Jelal Pang) аткарган.

Ичкилик кыргыздардын маданиятын изилдеген профессор Сулайман Кайыповдун айтымында, Памирде комуз ойногондор аны сүйлөтүп, импровизациялап ойношот:

Сулайман Кайыпов: Күүнү импровизациялап, улам варианттатып черте беришкен. Канчалык жакшы вариантын тапса, аны кайталаган сайын, улам жаңы кичинекей нюанстарын кошуп, күүнү узартып черте алса, ошол киши чоң комузчу болуп эсептелинген. Адамдар мисалы, бир жерде конокто отурушса, ошол жерде түзүлгөн кырдаалды комуздун күүсү аркылуу, комузду чертип жатканда так сүйлөтүп, комуз менен айттырган.


Ооган кыргыздарында "Камбаркан", "Сынган бугу" сыяктуу кара күүлөр, ботой, кербез чертилбейт. Ошол эле убакта, алардын өздөрүнө гана мүнөздүү кабайит деген күүнүн түрү бар.

Сулайман Кайыпов: Комуз күүлөрүнөн кыска, бир-эки кайрыктан турган лирикалык күүлөрдү, обондорду көп чертишет. Кабайыт деп коёт, бул сөз Ала Тоо кыргыздарында колдонулбайт, мындай сөз сөздүктө да жок. Бул кербез сыяктуу күүлөр сериясына окшоп кетет. "Камбаркан" күүлөрү жокко эсе, терс күү менен лирикалык күүлөрдү чертишет.

Саим Мулласа (солдо) айыл башчысы Касымбек Шакир уулу менен, Улуу Памир, Түркия

Саим Мулласа (солдо) айыл башчысы Касымбек Шакир уулу менен, Улуу Памир, Түркия

​Саим Мулла Аса Кыргызстанда ойнолгон "Ибарат", "Камбаркан" деген күүлөрдү кассетадан угуп үйрөнгөн.

Аларды Ооганстандан качып, Пакистанда жүргөн жылдары да радиодон угуп, билип алган.

Бүгүн анын кыргыз музыкасынын ири коллекциясы бар.

«Мындай көп кассета Кыргызстанда да жок» дейт ал.

Сайым ошондой эле Ооганстандан үйрөнгөн, бирок Түркияда ойнолбой, унутулуп бараткан лирикалык күүлөрдү билет.

Алардын бири кыз-келинди көргөндө өбөктөй калган жетим тууралуу.

Ооганстандагы памир кыргыздарында аялдар төрөттөн көп өлүп, өзгөчө жарды эркектер аял албай, так өткөндөр күнү бүгүн да бар.

Бул ыр ошондой бир бечараны чымчып, тамашага салган ыр окшобойбу:

Кубала, жетим, жөргөлө,
Кыз-келинди көргөндө,
Керегенин көзүнөн,
Кирип барам өрмөлөп.

Сайымдин атасы да комузчу болгон. Бирок ал баласына комуз үйрөткөн эмес. Советтик чек арачылар менен кагылышта эки досу туткунга түшүп калып, ошол бойдон дайынсыз жоголгондон кийин, комузду такыр таштап койгон.

Сайым дагы бир ашыктык ыры "Ак баракты" ойноду. "Ак барак" алган жарынан айрылган эрдин кошогу:

Уугу үйдүн саканак, ботом
Тууштуу тууган Ак барак, ботом
Кереге үйдүн саканак, ботом
Келиштүү тууган Ак барак, ботом
Көк зоонун боору эңгилчек, ботом
Көргөнүм калды келинчек, ботом
Ак зоонун боору эңилчек, ботом
Алганың калды келинчек, ботом.

Сайым Мулласа Түркиядагы жердештери менен, Улуу Памир айлы.

Сайым Мулласа Түркиядагы жердештери менен, Улуу Памир айлы.

Өтүкчүнүн өтүгү жок демекчи, Сайым комузда канча күүлөрдү билсе да, өзүнүн комузу жок.

Кыргызстандан кээде комузчулар келип, шартылдата комуз черткенин көргөндө, ушу бир күнү Бишкекке барып келсем деп жүрөт.

Өз комузун бирөөгө берип коюп, азыр ар кимден алып ойноп калат.

Болбосо, Түркиядагы кыргыз айылында анын күүлөрүн сурап уккан деле киши жок.

УЛАНДЫСЫ БАР

Эскертүүлөр:

1. Текстте Сайым Мулла Асанын сөз өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди.

2. Ооганстандагы кыргыздардын күүлөрү төмөнкү пластинкадан алынды:

Music аus Afghanistan, KIRGHISEN, ADEVAPHON 1978

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG