Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Жунусов: Кыргыз курсанттын төңкөрүшкө тиешеси жок


Түркияда соңку окуялардан кийин бийлик аскердик гарнизондордо рейд жүргүзүп, ишке ашпай калган төңкөрүштүн жактоочуларын камакка алып жатат. Ушул тапта 6000дей адам кармалгандыгы айтылууда.

Соңку окуялардан каза тапкандардын саны 260тан ашып, жараат алгандар 1400дүн тегерегинде. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну жок кылынган козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлады.

16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок. Түркиядагы акыркы абал тууралуу Анкарадагы кыргыз элчиси Ибрагим Жунусов “Азаттык” радиосуна маек курду.

"Азаттык": Азыр Түркияда абал кандай болуп калды? Турукташтыбы?

Ибрагим Жунусов: Бүт жер стабилдүү болуп калды. Бардык жер көзөмөлдөнүп жатат. Негизи тынчтык орноду. Ушунчалык тездикте, элдин жардамы менен тез убакыттын ичинде бардыгы өз ордуна коюлуп калды. Бул бир четинен Түркиянын президенти Эрдогандын Түркияда аброюнун чоң экендигин көрсөтүп жатат. Экинчиден, элдердин өтө патриоттуу экенин, патриотизм менен сугарылган, бир байрактын алдында "бир улут-бир байрак" деп, бүт баары тик турганы көрүнүп калды.

"Азаттык": Кыргызстандык бир жаран дайынсыз кетти деген маалымат тарады эле. Андан кабар барбы?

Ибрагим Жунусов: Ал жаран табылды. 1983-жылкы кыз болчу. Аты- жөнүн айтпай эле коёюн. Ал кыз Москвадан учуп келген. Бүгүнкү күндө Анкарада бирөөнүн үйүндө бала багып жаткан экен. Анын телефону жакшы иштебей калыптыр. Бирок бизге байланышка чыкты. Азыр баары жакшы, туугандары менен байланышты. Анкарада иштеп жатат.

"Азаттык": Аскердик академияларда билим алып жүргөн кыргызстандыктар да бар деген маалыматтар бар. Бул боюнча эмне деп айта аласыз? Алар да бул окуяларга катышып калган жокпу?

Ибрагим Жунусов: Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим бар. Анын негизинде Түркияда Кыргызстандан келген курсанттарыбыз билим алышат. Бир курсантыбыз Чанаккалеге маданий иш-чаранын алкагында 3 ротанын арасында кеткен. Алардын окуяларга эч тиешеси жок. Коопсуздукка байланыштуу аларды бүгүнкү күндө аскердик бөлүмдө кармап турушат. Биз ал жигит менен телефондон сүйлөшүп жатабыз. Аларды жөн гана коопсуздуктан улам ошол бөлүмдө кармап жатышат. 3 ротада жалгыз эле ал эмес, башка жактан келгендер, түрктөр да бар. Эртең кайра Измир шаарына чыгышат.

"Азаттык": Жаракат алган же каза тапкандар арасында биздин мекендештер жокпу?

Ибрагим Жунусов: Окуя учурунда мекендештерге "эл чогулган жерге, көчөлөргө чыкпагыла, провокацияларга берилбегиле, силер башка мамлекеттин жаранысыңар" деп айтып, колдон келишинче күнү-түнү иштеп жаттык. Биздин дипломат, консулдарга да ыраазычылыгымды билдирем. Азыркы күндө жарадар болгон, шейит кеткендердин ичинде биздин жарандар жок.

"Азаттык": Түрк бийлиги элди көчөдө калууга чакырып, смс таратып атканы кабарланган эле. Азыр мындай билдирүүлөр токтодубу?

Ибрагим Жунусов: Ооба, андай нерселер жок азыр. Смстердин келген себеби 15-июлду демократия күнү деп белгилебедиби. Ошону белгилөө үчүн булар митингдерди өткөрүштү. Бул жерде провокациялык эч нерсе болгон жок. Миллиондогон адамдар чыкты. Бир жерде да талап- тоноочулук болбоду. Муну көрүп түрк элине мен өзүм ыраазы болдум. Чындыгында бул баа бере турган нерсе.

"Азаттык": Сиздин баамыңызда, эми Түркияда окуялар кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

Ибрагим Жунусов: Түркияны ким канчалык жаман көрсөткүсү келбесин, түрктөр күчтүү мамлекет экенин, мындан ары да майда-барат нерселерге туруштук бере аларын далилдеп койду.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG