Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Оштун мэри медресенин курулушуна 100 миң сом бөлдү


Айтмамат Кадырбаев.
Айтмамат Кадырбаев.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев "Актилек" кичи районундагы медресеге мэриянын резервдик фондунан 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу ал 29-сентябрда шаар тургундары менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, буга чейин медресе курулушуна көмөктөшүү өтүнүчү менен кат келген.

"Актилек" кичи районундагы мечиттин короосунда курулуп жаткан медресе 30 орундуу. Анын курулушу жергиликтүү элдин демилгеси менен башталган. Ош шаарынын мэринин резервдик фондунун жылдык өлчөмү 10 миллион сомду түзөт. (YI)

XS
SM
MD
LG