Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Өзбек бийлиги Тажикстан менен алаканы оңдоого даяр экенин билдирди


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун жолугушуусу.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун жолугушуусу.

Бул тууралуу 29-сентябрда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун Дүйшөмбүдөгү жолугушуусунда айтылды. Тажикстанга иш сапар менен барган Камилов президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары жакшыртуу, чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө чекит коюу тууралуу дубай саламын жеткирди.

Жолугушуудан кийин Абдулазиз Камилов өз өлкөсү Дүйшөмбү менен экономикалык кызматташтыкты, темир жол жана аба байланыштарын калыбына келтирүүгө кызыкдар экенин, суу-энергетикалык маселелер эки тарапка тең пайдалуу негизде чечилерине үмүт артарын журналисттерге билдирди.

Камилов 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөр тууралуу баяндама жасап, бирок Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушу жөнүндө кеп козгогон эмес.

XS
SM
MD
LG