Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 70% жакындады


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы өкүлү Эдвард Жемайэл журналисттерге маалымдады. Анын сөзү боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы акыркы бир нече жылда кескин өстү. 2014-жылы карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын 43-44% барабар болчу:

-Кыргызстандын мамлекеттик карызы өсүп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Өкмөт карызды жабуу үчүн бар каражатты сарптай баштайт. Биздин баамыбызда, өлкө жогорку тобокелчиликтин чегине жетип келди. Ошондуктан, Эл аралык валюта фонду бюджетте консолидация жүргүзүп, таңсыктыкты азайтууну сунуш кылат.

Жемайэлдин айтуусунда, бул ИДПнын өсүүсүн камсыздайт. Эл аралык валюта фонду кыргыз өкмөтүнө кырдаалды жеңилдетүү үчүн бюджетти оптимизациялоону, салык жеңилдиктерин бербөөнү, президенттик шайлоонун алдында опсуз чыгашаларды азайтууну сунуш кылууда. Жемайэлдин айтуусунда, импорттук буудайдан кошумча нарк салыгы алынары менен, мамлекеттик бюджет 650 млн сом жоготту.

2016-жылдагы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 млрд 399 млн сом, жалпы чыгашасы 146 млрд 853 млн сом. Тартыштыгы 22 млрд 453 млн сом деп мерчемделген. Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берилген маалыматка караганда, бюджеттин киреше бөлүгү 78.9 млрд, бюджеттин таңкыстыгы 23 млрд сомго чыгууда.(YrU;ZKo)

XS
SM
MD
LG