Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Мира Карыбаева ЕККУ жыйынында Батыров сүйлөп атканда чыгып кетти


ЕККУнун Варшавада өтүп жаткан жыйынында Кыргызстандын делегациясынын жетекчиси, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мира Карыбаева Кадыржан Батыров сүйлөп атканда жыйындан чыгып кетти.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Маалыматка караганда, Карыбаева 26-сентябрда ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун «Толеранттуулук жана дискриминация эмес» деген отурумуна катышкан. Анын жүрүшүндө Кыргызстанга оор кылмыштарга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыровго бул жыйында да аянтча түзүлгөнүнө нааразы болду.

Ошондой эле 21-сентябрда ЕККУ жыйынында Батыровго берилген мүмкүнчүлүк Кыргызстанды сыйлабастык катары бааланганын, Батыров 2010-жылдагы кандуу июнь окуяларынын башкы уюштуруучусу экенин белгиледи.

Алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген.

2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. Кыргызстан кылмышкер деген адамдын ЕККУ өңдүү эл аралык уюмда сүйлөгөнүнө катуу каршылык билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG