Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

Түркияда эски төңкөрүштүн лидерлери соттолууда


Аскерий төңкөрүштөн кийин өлтүрүлгөндөр менен кыйноого алынгандар сүрөтү сот имаратынын сыртына илинди. 4-апрель, Анкара.

Аскерий төңкөрүштөн кийин өлтүрүлгөндөр менен кыйноого алынгандар сүрөтү сот имаратынын сыртына илинди. 4-апрель, Анкара.

Түркияда бүгүн 1980-жылдагы төңкөрүштүн көзү тирүү эки жол башчысынын үстүнөн сот башталды.

Армиянын генштабынын ошол кездеги жетекчиси, кийин президент болгон Кенан Эврен жана Түркиянын аскер аба күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Тахсин Шахинкая жарандык өкмөттү кулатуу менен мамлекетке кылмыш жасаган деп айыпталууда. Түркиянын айрым маалымат каражаттары бул сот жараянды “тарыхый” деп мүнөздөштү.

1980-жылдын 12-сентябрындагы аскерий төңкөрүш аркылуу Түркиянын кыргызстандыктарга жакшы белгилүү саясатчысы, 1993-2000-жылдары президент болгон Сулейман Демирелдин өкмөтү кулатылган экен. Мунун артынан элүү адам дарга асылып, жарым миллиондой киши камакка алынып, жүздөгөн адамдар түрмөдө көз жумган. Үч жылга созулган аскерий башкаруу учурунда ошондой эле көптөгөн кишилер дайынсыз жоголгон.

Кенан Эврен

Кенан Эврен

Эми ал окуялар боюнча жараян шаршембиде Анкарада башталган кезде сот имаратынын сыртында жүздөгөн демонстранттар чогулду. Бул иш боюнча сотко жабырлануучу маккамында катышуу өтүнүчү менен 500дөй адам кайрылган.

Ал эми 1980-жылкы төңкөрүш үчүн айыпталып жаткан эки карыя - 94 жаштагы мурдагы президент жана генерал Кенан Эврен, 87 жаштагы дагы бир генерал Таксин Шахинкая саламаттыгына байланыштуу сотко келген жок.

Түркиянын мыйзамдары боюнча алар эгер айыптуу деп табылышса, өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Бирок саламаттыгы начар экендиги айтылган карыялар жаза мөөнөтүн өтөй алышар-алышпасы анык эмес.

Символдук маани

Анткен менен бул сот жараян Түркиянын өзүндө айрым маалымат каражаттары тарабынан “тарыхый” деп мүнөздөлүүдө. Эмне үчүн? Анкарадагы Гази университетинин профессору Мехмет Сейфеттин Эрол “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул - Түркиядагы демократиялашуу жараяны үчүн бурулуш учур, жарандык жана аскерий бюрократия ортосундагы чек араны аныктоо, келечек үчүн бул системанын стабилдүүлүгүн камсыздоо. 1980-жылдын 12-сентябры Түркиядагы антидемократиялык жараяндын, антидемократиялык ыкмалардын символу болгон.Андыктан бул соттун символикалык мааниси бар. Менимче, бул - Түркиянын саясий тарыхындагы бир доордун бүтүшүн көрсөтүү. Бул сот - Түркиядагы демократия үчүн кыйыр таасирин тийгизүүчү жараян. Бул жерде адамдардын соттолушу эмес, менталитеттин жана демократиялык эмес жараяндын соттолгону маанилүү.

Адатта Түркияда Мустафа Кемал Ататүрк орноткон секулярдык түзүлүштүн кепили катары саналып келген армия төрт ирет - 1960, 1971, 1980, 1997-жылдары төңкөрүш жасап, үчөөсүндө бийликти өз колуна алган.

Төртүнчүсүндө, 1997-жылы ошол кездеги премьер-министр, исламчыл партиянын лидери Нежметтин Эрбаканды кызматтан кетүүгө мажбурлаган. 1980-жылкы төңкөрүш кан төгүү менен коштолгондорунун акыркысы болгон экен.

Анда төңкөрүш жасаган генералдар оңчул жана солчул топтордун кыянатчыл аракеттери күчөгөн учурда Түркияны башаламандыктан сактап калганбыз деп эсептешкен. Алар ошондой эле 1979-жылы Иранда ислам ыңкылабы ишке ашкан шартта, секулярдык түзүлүштө жашаган Түркияга исламчылардын коркунучу өскөндүгүн да жүйөгө тартышкан.

1980-жылкы төңкөрүштөн кийин 1983-89-жылдары Түркиянын президенти болгон Кенан Эвренди соттоого өлкө Конституциясына 2010-жылы киргизилген өзгөртүүлөр мүмкүндүк берүүдө. Аларга ылайык, мурдагы президенттен кол тийбестик иммунитети алынган.

Бирок “Хурриет” гезитинин жаңылыктар кызматы кабарлагандай, сот жараяндын башталышында Кенан Эврендин адвокаты 1982-жылкы Конституцияны кармап, ал боюнча соттун мурдагы президентти жоопко тартууга акысы жоктугун айтып чыкты.

Сотту колдобогон Демирел

Сотко барбай турганын 1980-жылкы төңкөрүштө бийликтен кулаган мурдагы премьер-министр жана президент Сулейман Демирел да билдирген.

Демирелдин өткөн аптада “Сабах” гезитине айтканына караганда, ал аскерий төңкөрүштөн өзү жана өлкө көп зыян тарткан деп эсептегени менен “азыркыдай жол менен жакшылыкка жетүүгө болбойт" деген ойдо. Негизи Демирелдин пикиринде, төңкөрүшчүлөр үстүнөн сот түрк армиясынын беделин түшүрүү боюнча өнөктүктүн алкагында жүрүп жатат.

Бул сот жарая азыркы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн кулатууну көздөгөн деген айып армиянын ондогон офицерлеринин, анын ичинде мурдагы жана кийинки жогорку даражалуу кол башчылардын, аскерий эмес адамдардын үстүнөн сот жүрүп жаткан учурга туш келди.

Эрдогандын акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери бийликте турган “Адилетүүлүк жана Өнүгүү” партиясынын тамыры исламчыларга барып такаларын эске алган сынчылары ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү, сотту реформалоо, армиянын бийлигин чектөө аркылуу ислам тартибин орнотууну көздөйт деп айыпташат. Эрдоган болсо мындай мүдөөсү жоктугун айтып келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG