Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Полиция Стамбулдун Таксим багын тазалоодо


Баррикадага жашынган демонстранттар полициянын атайын күчтөрүнө каршылык көрсөтүүдө. Стамбулдун Таксим гүл багы, 11-июнь 2013

Баррикадага жашынган демонстранттар полициянын атайын күчтөрүнө каршылык көрсөтүүдө. Стамбулдун Таксим гүл багы, 11-июнь 2013

11-июнда түрк полициясынын атайын күчтөрү Таксим сейил багында демонстранттар курган тосмолорду бузуп, жыйнап алды.

Полициянын атайын күчтөрү Таксим багын эки аптага чукул убакыттан бери ээлеп жаткан демонстранттардан тазалоо үчүн көздөн жаш агызчу газ, тарсылдак граната жана суу бүрккүчтөрдү колдонду. Нааразылык акциясына катышкандардын көпчүлүгү коңшулаш Гези паркындагы санаалаштарына барып кошулушту. Бул жерде тигилген чатырларда миңдеген демонстранттар жайгашкан.

Hurriyet гезитинин кабарчысы Эрдем Гүнеш Гези паркынан телефон аркылуу курган маегинде Таксим гүл багында полиция көздөн жаш агызчу газды ашыкча көп колдонгонун айтты:

- Полиция Гези паркын ээлеп отургандарга тийишпей турат. Бирок газ гранаталар көп колдонулгандыктан Таксим паркы иске толду.

Стамбулдун губернатору Хусейн Авни Мутлинин Twitter аркылуу билдиришинче, полицияга Түркиянын биринчи президенти Мустафа Кемал Ата Түрктүн айкелине жана Ата-Түрк Маданий борборуна илинген плакаттарды алып салуу жөнүндө гана тапшырма берилген.

Полиция Таксим сквериндеги демонстранттарды суу бүркүп таркатканга аракет кылууда. 11-июнь 2013 11Jun2013

Полиция Таксим сквериндеги демонстранттарды суу бүркүп таркатканга аракет кылууда. 11-июнь 2013 11Jun2013

Эрдем Гүнештин сөзүнө караганда, бешим ченде Таксим гүл багы газдын ачуу жытына толгону менен аз сандагы демонстранттар дале ордунда калууда:

- Парк демонстранттардын контролунда болгону менен Таксим багынын калган бөлүгү: Республика монументи, Таксимдин ортосу, килейген Ата-Түрк Маданий борборун полиция күзөтүүдө. Полиция Ата-Түрк Маданий борборуна илинген бардык плакаттар менен желектерди алып, Түркиянын туусун орнотту.

Нааразылык акциясы 27-майда бир нече жүз табият коргоочу ортолуктагы гүлбакты бузуп, ордуна соода жана оюн-зоок борборун курууга каршы чыккандан бери уланууда. 1-июнда аларга премьер-министр Эрдоган жана башкаруучу АК партиясы жүргүзгөн саясаттын каршылары кошулуп, ондогон шаарларга да жайылган. Алар Эрдоганды авторитардык башкарууну орнотту жана дүниябий өлкөдө ислам мамлекетин курууну көздөйт деген сындашты.

Премьер-министр Эрдоган парламенттеги АК партиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда сүйлөп жаткан кез. Анкара, 11-июнь 2013

Премьер-министр Эрдоган парламенттеги АК партиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда сүйлөп жаткан кез. Анкара, 11-июнь 2013

Премьер-министр Эрдоган шейшемби күнү парламентте сүйлөп, тынч чыгууларды Түркиянын саясий аброюн бузууну көздөгөн бузукулар пайдаланып кеткенин айтты. Ал ошондой эле, демонстранттардын мыйзамдуу талаптары улуттук экономикага зыян келтирүүнү каалагандардын аракетине аралашпоосу керек деди.

Эрдоган буга чейин Таксимди кайра куруу планынан баш тартпасын билдирген жана антиөкмөттүк чыгууларды уюштурган кээ бир топтордун башчылары менен шаршемби күнү кездешмек болууда.

Премьер-министрдин орун басары Бүлент Арынч 10-июнда билдиргенге караганда, тополоң иликтенүүдө жана өкмөттө тополоң тышкы жана ички кийлигишүүсүз болмок эмес деп эсептешет:

- Сот жараянына удаа эле саясий процесс жүрүүдө. Бул күндөр үчүн фактыларды гана бетке тутуу туура болбойт. Биз бирок окуяга тышкы жана ички кийлигишүүнү иликтеп жатабыз. Себеби атайын борбор уюштурбаса, бул демонстрациялар болмок эмес.

Соңку маалыматтар боюнча, 12 күндөн берки тирешүүлөрдө үч демонстрант өлүп, 5 миңдей адам жарадар болгон.
XS
SM
MD
LG