Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Эрдоган элди Ататүрк аба майданына чогулууга чакырды


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Стамбулдун Босфор көпүрөсүндө атышуу башталды. Асманда тик учактар айланып жүрүшөт. Көчөлөрдө ызы-чуу. Учурдагы Стамбулдагы кырдаалды жеринен “Азаттыктын” кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева айтып берди.

"Азаттык": Бактыгүл, Стамбулдагы азыркы кырдаалды сүрөттөп берсеңиз?

Бактыгүл Чыныбаева: Азыр Стамбулдун Богазычы көпүрөсүндө атышуулар болуп жатат. Кыйкырык, ызы-чуу. Адамдардын жаракат алганы айтылууда. Асманда абдан көп тик учактар айланып жүрүшөт. Үйлөрүнө жете албай калган элдер мейманканаларга, дүкөндөргө чуркап кирип жатышат. Жолдор торолгон, көпүрөлөр жабык. Шаардын Европа тарабындагылар Азия тарапка жана Азия тараптагылар бул жакка өтө албай калышты.Биз азыр Стамбулдун чок ортосу, Ортакой деген жердебиз. Дүкөндөрдүн көбү жабылды. Ачыктарында эл батпай, шашылыш азык-түлүк алуу аракетин көрүп жатышат.

"Азаттык": Жергиликтүү маалымат каражаттары эмне деп атышат? Айрым саясатчылар муну чакан аскерий топтор уюштурду десе, кээ бирөөлөрү мунун артында гүленжилер турат деген маалымат таркатып жиберишти.

Бактыгүл Чыныбаева: Жергиликтүү маалымат каражаттары, бийликке караштуу медиалар, албетте, баары жакшы деп айтып атышат. Президент Эрдоган дагы скайп аркылуу ТРТ каналына видео маек берди. Президент элди Стамбулдагы, Анкарадагы эл көп чогулган аянттарга чакырып, “мен силерге тынчтыкты далилдеп берем, баары жакшы болот. Биз бул козголоңчуларды тыябыз. Тарыхта мындай окуялар болгон, бирок аягы жаман аяктап, козголоңчулардын өзүлөрүнө эле жаман болгон” деген маанидеги билдирүү жасады. Ал ошондой эле элди “ким мага ишенсе, ким бул демократияны коргогусу келсе Ататүрк аба майданына келгиле” деп чакырык жасады. Учурда Стамбулдагы аэропорттор жабык, ички-тышкы каттамдардын баардыгы токтотулду. Бул жакта азыр интернеттин да ылдамдыгы начарлап, бир топ сайттарга кирүү мүмкүн эмес болуп калды. Чет элдик маалымат каражаттарынын сайттарына да дээрлик мүмкүн эмес болуп жатат. Андан тышкары социалдык тармактар, фейсбук, твиттер да маал-маалы менен иштебей калып жатат.

"Азаттык": Жергиликтүү түрктөр өзүлөрү эмне деп атышат?

Бактыгүл Чыныбаева: Түрктөрдүн өзүлөрү да азыр нес болуп турушат. Көчөдө ыйлап жүргөндөр көп. Өзгөчө аялдар ызы-чуу болуп атышат.

XS
SM
MD
LG