Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Бишкекте милиция маршруттук кичи автобустарды текшерүүдө


Патрулдук милиция кызматкерлери Бишкек шаарында маршруттук кичи автобустар катышкан авариялардан улам, “Коомдук транспорт” деп аталган рейд өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин Бишкек башкармалыгы кабарлады. Рейд 26-30-сентябрь күндөрү өтөт. Анда кичи автобустардын техникалык абалы, жүргүнчүлөргө түзүлгөн шарттар жана тийиштүү документтер каралып, талапка жооп бербегендер каттамдан алынат.

21-сентябрда Бишкекте жүргүнчү ташыган кичиавтобус кырсыкка кабылып, жабыркаган 37 жаштагы аялдын сол колу билегинен кесилген.

Коомчулук маршруттук унаалар ылдамдык эрежелерин сактабай, жүргүнчүлөрдү ашыкча аларын сындап келишет. Патрулдук милиция калаадагы жол тыгындарга жана кырсыктарга негизинен кичи автобустар себепчи болорун белгилешет.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы билдиргендей, учурда 2700 маршруттук кичи автобус 119 каттамда иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG