Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Өзбекстандын Улуттук банкы 10 миң сумдук банкнот чыгарат


Өзбекстандын 10 миң суму
Өзбекстандын 10 миң суму

Бул өлкөдөгү төлөм маселесин жеңилдетүүгө тийиш. Өзбекстан банкынын 21-февралдагы маалыматы боюнча, өзбек парламенти ири суммадагы банкнот чыгарууну колдоду. 10 миң сум расмий курс боюнча 3 доллар, ал эми эркин базарда 1 доллар 60 цент турат. Учурда Өзбекстанда эң ири банкнот 5 миң сум. Ал 2013-жылы чыгарылган.

Өзбек экономисти Тохир Собиров “Азаттыктын” өзбек кызматына айтышынча, Өзбекстанда накталай акча менен төлөм маселесин чечүү үчүн 50 миңдик, 100 миңдик банкнотторду чыгаруу зарыл. (AiT)

XS
SM
MD
LG