Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Кыргызстанда 2017-жылы ак илбирсти сактоо боюнча II дүйнөлүк форум өтөт


Дүйнөдө климат өзгөрүп, тоо жаныбарларынын биоөзгөчөлүгү дагы татаалдашып жатканына байланыштуу 2017-жылы Кыргызстан ак илбирсти сактоо боюнча экинчи дүйнөлүк форум өткөрөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди.

Форумда ак илбирстин популяциясын жакшыртуу сунуштары талкууга алынмакчы. Ошондой эле эл аралык деңгээлде уран калдыктарын сактоо жайларынын жайгашуу тартибин аныктоо талкууланат. Абдылдаев эл аралык коомчулук менен БУУну форумду колдоого чакырып өттү.

Ак илбирсти колдоо боюнча биринчи эл аралык форум Кыргызстанда 2013-жылы өткөн. Дүйнөлүк экологдор ак илбирстин тукуму акыркы жыйырма жылда эки эсе азайып, учурда 300дөй гана калганын айтып келишет. (SDz)

XS
SM
MD
LG