Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Кочкордо окуучулардын мушташынан бир өспүрүм көз жумду


Нарындын Кочкор районунда окуучулардын мушташынан бир өспүрүм каза тапты. Дагы бирөө ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жаңжал Капар Кадыралиев атындагы мектептин окуучуларынын арасында чыккан. Алар бычак колдонушканы айтылууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы “Азаттыкка” билдиргендей, окуя 19-январда кечинде 10-класстагы окуучулардын ортосунда болгон:

- Облус башчысы Аманбай Кайыпов Кочкор айылына окуя болгон жерге барды. Күч органдарына бул боюнча тыкыр иликтөө тапшырмасын берди.

Мушташка канча окуучу катышканы жана окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG