Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Түркия: түбү көрүнбөгөн тазалоо


Батыштагы сынчылар түрк президенти саясий көз карашы келишпеген адамдардан арылып жатат дешет.
Батыштагы сынчылар түрк президенти саясий көз карашы келишпеген адамдардан арылып жатат дешет.

Түркияда өзгөчө кырдаал дагы үч айга узараары жарыялангандан көп өтпөй 12 миңден ашык полиция кызматкери иштен алынды.

Өкмөт үч айдын ичинде кызматтан айдалган 100 миңден ашык адамды июлдагы төңкөрүш аракетин уюштурду деп айыпталган диниятчы Фетхуллах Гүленге байланыштырып келет. Гүлендин тарапкерлери дооматтарды четке какса, айрым байкоочулар президент Эрдоган өлкөнүн азыркы тарыхындагы эң ири тазалоо аркылуу саясий оппоненттеринен арылып жатат дешет.

Өзгөчө кырдаал узарды

Түрк президенти Эрдоган 15-июлдагы төңкөрүш аракетине чейин бозгундагы Фетхуллах Гүлендин кыймылын “мамлекет ичиндеги мамлекет” деп мүнөздөп келсе, эми аларды “террорчулар” деп атаганга өткөн. Ал жолугушууларынын көбүндө төңкөрүш темасын козгоп, дүйшөмбү күнкү илимий жыйында да “террорчулардын мизин кайтарган улутум менен сыймыктанам” деп айтты.

АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Гүлен жана анын кыймылы төңкөрүшкө тиешеси жоктугун билдиргени менен алардын тарапкерлерин камоолор жана иштен айдоо токтой элек.

Шейшембиде “Гүлендин террордук уюмуна” тиешеси бар деген жүйөө менен 12 миңден ашык полиция кызматкери иштен алынды. Алардын 2,5 миңдейи жетекчилик кызматта иштеп келген.

Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин 32 миңден ашык адам камакка алынды.
Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин 32 миңден ашык адам камакка алынды.

Жалпысынан Түркияда чукул кырдаал өкүм сүрүп турган дээрлик үч ай ичинде 100 миңден ашуун жаран кызматтан алынып, алардын 32 миңи камалды. Эми өзгөчө кырдаал дагы үч айга – январдын ортосуна чейин узара турган болду.

- Өзгөчө кырдаалды узартуу чечими 19-октябрда күчүнө кирет. Муну Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңеши өткөн жумадагы жыйынынан кийин сунуштады. Өкмөт мүчөлөрү да өз жыйынында бул сунушту кабыл алып, өзгөчө кырдаалды дагы 90 күнгө узартууну чечти,-деди түрк өкмөт башчысынын орун басары Нуман Куртулмуш.

Оппоненттерден арылуубу же "террорчуларды" жок кылуубу?

Буга чейин түрк президенти мындай абал бир жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн эскерткен. Өзгөчө кырдаал учурунда мамлекет башчы декреттери аркылуу өлкөнү башкарууга мүмкүнчүлүк алат. Анын чечимдери Конституциялык соттун кароосуна коюлбайт. Расмийлер бул жол менен террорчул уюмдардын тамыры кыркылат дейт. Бирок соңку тазалоолор Түркиянын Батыштагы өнөктөштөрүнүн жана укук коргоо уюмдарынын тынчсыздануусуна себеп болду.

Алар Түркия төңкөрүш аракетин бийликке каршы сөз айткан оппоненттерин куугунтуктоо үчүн колдонуп, ошол эле учурда күрт жоочуларын жактагандарга каршы жүрүш да жасап жатат дешет. Маселен, шейшемби күнү күрттөргө таандык IMC телеканалында рейд жүргүзүлүп, “террорчуларды пропагандалап жатат” деген жүйөө менен ал канал жабылды. Стамбулда жайгашкан каналдын башкы координатору Эйуп Тунж бул рейдди сынга алды:

- Төңкөрүш аракетинен кийинки көрүнүштөр демократияга коошпой турганын, бир төңкөрүштүн артынан экинчи төңкөрүш жасалып жатканын биздин студияларда болгон окуялар айгинеледи.

IMC телеканалындагы текшерүү.
IMC телеканалындагы текшерүү.

Ошентип Түркиядагы тазалоолор канчага созулаары белгисиз. Түрк өкмөтү дале болсо АКШдан Фетхуллах Гүленди экстрадициялоону талап кылып келет. Дем алыш күнү анын бир тууганы Измирде камакка алынды. Ал Гүлендин түрк өкмөтү кармаган туугандарынын акыркысы болуп калды.

Бирок “Рейтерс” агенттиги билдиргендей, Эрдоган соңку тазалоо аракеттери аркылуу өз бийлигин бекемдегени менен анын кадамдары экономикага тескери таасирин тийгизүүдө. Мисалы, кредит агенттеринин кооптонууларынан улам түрк лирасынын долларга болгон курсу төмөндөдү. Өлкөнүн быйылкы экономикалык өсүшү мурда айтылгандай 4,5 пайыз эмес, 3,2 пайыздын гана тегерегинде болоору кабарланды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG