Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

17-июнда түрк дүйнөсүнүн залкарларынын бири, Түркиянын 9-президенти, Кыргызстандын эгемен болгон биринчи күнүнөн баштап чыныгы досу жана эң бир чоң күйөрманы Сулейман Демирел 91 жашында дүйнө салды.

Демейде, арабыздан кеткен соң ким да болсо жакшы сөздү айтып, кээде көбүртүп-жабыртып иймей адатыбыз да бар го. Бирок Сулейман ага чынында да түрк саясатынын акыркы могиканы, беш жолу өкмөт башчы болуп, Түркия Республикасынын тогузунчу президенти катары (1993-2000) тарыхка кирген легендарлуу инсан десек адилеттиктин дал үстүнөн чыгабыз го.

Деле бул кишинин саясий таржымалы өзүнчө бир роман же чоң тарых. Биринчиден, беш жолу өкмөт башчысы болуп, эки жолу (1971, 1980) премьер-министирлик кызматтан мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында кеткен.

Экинчиден, чыныгы профессионал саясатчы, тилинен көөрү төгүлгөн оратор, талыкпаган ишмер болгондугу үчүн Сулейман Демирел баары бир дээрлик жарым кылым бою чоң саясаттан кеткен жок.

Сулайман Демирел (ортодо) Борбор Азия президенттери (оңдон солго) Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Гейдар Алиев (Азербайжан), Сапармурат Ниязов (Түркмөнстан), Аскар Акаев (Кыргызстан), Бурхануддин Раббани (Ооганстан) менен. 1993-94-жылдар

Сулайман Демирел (ортодо) Борбор Азия президенттери (оңдон солго) Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Гейдар Алиев (Азербайжан), Сапармурат Ниязов (Түркмөнстан), Аскар Акаев (Кыргызстан), Бурхануддин Раббани (Ооганстан) менен. 1993-94-жылдар

Анын эң акыркы саясий бенефиси 2000-жылы Бакуда болгону азыр да эсимде. Азербайжандын борборунда “Коркут ата” дастанынын мааракесине чогулган түрк дүйнөсүнүн чоң курултайында Сулейман Демирел коштошуу сөзүн сүйлөп, келечек тууралуу ой жүгүртүүлөрүн ортого салып, Түркия эле эмес, бүтүн түрк дүйнөсүнүн масштабындагы чоң ишмер экендигин дагы бир жолу далилдеп, ошентип 50 жылга созулган саясий карьерасын аяктаган эле.

Эми Түркиянын 9-президенти тууралуу айта берсек, сөз эч качан бүтпөйт. Бирок бүгүнкү күнү Демирел сыяктуу залкар саясатчы каза болгон саамда анын мамлекеттик ишмер катары да, инсан катары да Борбор Азияда 1991-жылы пайда болгон жаңы мамлекеттерге өтө астейдил мамилесин баса белгилеп кетпесек болбойт го.

Сулейман ага түрк дүйнөсүндө пайда болгон жаңы мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга ушунчалык жан дили менен мамиле кылчу. Борбор Азиядагы жаңы беш мамлекетти Демирел улуу тарыхый окуя, дүйнө түрктөрүнүн зор жетишкендиги катары баалачу.

Айрыкча анын 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы белгиленгенде кыргыз өкмөтү эмне сураса баарын берип, ал гана эмес, “Манастын” эл аралык мааракесин Анкара менен Стамбулдан баштап, Түркиянын бардык университеттеринде чоң майрам катары белгилеткени өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Эпостун түркчө котормолорун биринин артынан экинчисин чыгартып, илимий жыйындарды өткөртүп, кыргыз маданиятына ушунчалык астейдил мамиле кылганы, нечен альбомдорду элге таратканы эч качан эстен чыкпас. Ал эми Таластагы улуу мааракеде Демирел агабыз аксакал катары төрдүн башында отуруп, бардык иш-чараларга тегиз катышып, өтө маанилүү сөз сүйлөгөнүн, кыргыз элинин маданиятын улуу маданият деп атап, ал эми Чыңгыз Айтматов агабызды бир тууганы катары аздектеп-ардактаганы мына бүгүн баса белгиленип айтыла турган сөз.

Кыргыз-түрк "Манас" университети

Кыргыз-түрк "Манас" университети

Бул залкар инсандын дагы бир чоң иши - Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетин ачууга тикеден-тике жардам кылганы го. 1995-жылы ачылган бул университет азыр Кыргызстандын эң мыкты университети аталды. 20 жылдан бери кыргыз улан-кыздарына заманбап билим берип, жаңы замандын кадрларын даярдоодо.

Кыскасы, Сулейман Демирел чынында да легенда адам. Сөздүн чыныгы маанисинде тарыхый инсан. Өзү Спартада, 1924-жылы 1-ноябрда карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулса да, катардагы инженерден Түркиядай чоң мамлекеттин башчысына чейин жетти. Ататүрктүн саясатын улантып, "Адилеттүүлүк" партиясын түздү. Аны бир нече жолу жеңишке жеткирип, Түркияны дүйнө сыйлаган абройлуу мамлекеттердин арасына кошулушуна зор салымын кошту.

Албетте, узак жылдар саясатта жүргөн адам тууралуу ар кандай айыңдар, имиштер менен ушактар айтыла берет. Ал тагдырдан Демирел ага да качып кутула албады. Бирок жан шериги Назмие апа менен эч качан ажыраган жок, эки сөзүнүн бири “Назмие” болуп жүрүп өтүп кетти.

Сулейман Демирел

Сулейман Демирел

Демирел аганы түрктөр демейде президент дебей эле, өздөрүнүн тилинде “баба”, же болбосо “ата” деп коюшчу. Ошол зор аброю, ат көтөргүс салымы бар үчүн эң биринчи жолу премьерлик кызматка аялзатын Тансу Чиллер айымды сунуш кылып, Ататүрк баштаган лаик саясатты дагы бир жолу бекемдеп кетти.

Сулейман Демирелдин каза болгонун учурда бүт түрктөр улуттук чоң жоготуу катары баалап, аза күтүп жаткан кездери. Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги бул күнү жарыялаган билдирүүсүндө бул залкар инсан “түрктөрдүн жүрөгүнүн тереңинде орун алган мамлекеттик ишмер” деп баалады.

Менин оюмча, бул пикирге эгемен Кыргызстандын атуулдары, анын ичинде Сулейман ага менен көзмө-көз учурашып калган адамдар да толук кошулат го деп ойлойм.

“Манас” орденинин ээси, “Манас”-1000 эл аралык алтын медалынын кавалери, кыргыз калкынын чыныгы досу Сулейман Демирел аганын жаткан жери жай, топурагы торко болсун дейли.

XS
SM
MD
LG