Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

АКШ Сириянын түрк учагын аткылашын айыптады


Сириялык өкүл Түркияын учагы атып түшүрүлгөн жерди көрсөтүүдө.
Сириялык өкүл Түркияын учагы атып түшүрүлгөн жерди көрсөтүүдө.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Сириянын түркиялык учакты атып түшүрүшүн aйыптады. Түркия сириялык күчтөр машыгууда жүргөн түркиялык согуштук учакты Сириянын аба мейкиндигине адашып кирип кеткенде атып түшүрдү деп ырастоодо. Түркия мүчө болгон НАТОнун элчилери маселени эртең (26-июнда) талкуулаганы жатат.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Сириянын Жер ортолук денизинин үстүндө түркиялык учакты атып түшүрүшүн «кабылдоого болбой турган ажаандык» деп мүнөздөдү. «Бул дагы бир жолу Сирия бийликтери эл аралык нормаларды, адамдын өмүрүн, тынчтыкты жана коопсуздукту көзүнө илбей тургандыгын көрсөттү», - деп айтылды Клинтондун жазуу жүзүндө таркаткан билдирүүсүндө. Мамкатчы Түркиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшүп, Кошмо Штаттарынын 22-июндагы окуяга терең тынчсыздануусун билдиргендигин кошумчалады.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу жекшембиде сириялык күчтөр түркиялык согуштук учакты Сириянын аба мейкиндигине кокусунан адашып кирип кеткенде атып түшкөндүгүн билдирген.

- Жер ортолук деңизинин чыгышындагы соңку окуяларга байланыштуу түркиялык учактар өзүбүздүн радар системабызды текшеришмек. Бул машыгуу максатындагы учуу болчу. Анын миссиясынын Сириядагы кризиске тийешеси жок болчу.

Давутоглу учакта курал болгон эмес деп ырастап, куралсыз учак экендигинин белгиси ачык көрүнүп турган болчу деди.
Министрдин айтымында,Сириянын аба мейкиндигине түркиялык «Фантом» учагы калпыстык менен кирип кеткен:

- Биздин учак Сириянын эл аралык аба мейкиндиги менен чек арасынан 13 деңиз миль аралыктан атылды. Сириянын администрциясы аба мейкиндигинин бузулушун учактын атылышы менен байланыштырууга аракет жасоодо. Бирок бул туура эмес. Сириянын аба мейкиндиги атайылап бузулган эмес. Бул атайын жасалган эмес.

Жемшембиде Британиянын тышкы иштер катчысы Уилиам Хааг билдирүү таркатып, Сириянын кадамын «зөөкүрлүк» деп баалаган. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Анкаранын сабырдуулук көрсөтүп жатканына жогору баа берип, чатакты согуштук эмес, тынчтык жолу менен басууга чакырды. Анын алдында Ирандын бийликтери Анкара менен Дамаскини сабырдуулукка үндөгөн.

Түркиялык гезиттер Сирия учактын атып түшүрүлүшү үчүн кечирим сураганын кабарлашкан. Бирок ишембиде Анкарада өкмөттүн чукул жыйында ал тууралуу айтылган жок. Түркиялык сыналгы каналдары ошондой эле «Фантом» учагы чалгын жүргүзүп жүргөндө атылгандыгын маалымдаган.

Түркия өз учагынын атылышын «агрессия» деп баалап, бул окуяны НАТОнун чукул жыйынында талкуулоого чакырууда. НАТОнун министрлери бул максатта шейшембиде чукул жыйынга чогулушууда. Азыр атып түшүрүлгөн учактагы эки учкучту издөө иши жүрүп жатат.

Түркия Сириянын президенти Башар ал-Асаддын өз оппоненттерине каршы кандуу күрөшүн ачык айыптап чыккандыктан, анын Сирия менен алаксы өтө начарлап кеткен.

Түркия Асадды бийликтен кетүүгө чакырып, Сириядагы элчилигин жаап салган. Өлкө ошондой эле Сириядагы кагылыштардан качкан 32 миң сириялык жаранга өз чек арасында качкындар лагерин ачкан.

XS
SM
MD
LG