Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Биометрикалык паспорттор жыл аягында бериле баштайт


Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев парламентте билдирди. Анын айтуусунда, биометрикалык паспортторду даярдоо үчүн Түштүк Корея 7,5 млн доллар грант бөлгөн. Ошондой эле паспортторду даярдоодо Түштүк Кореялык компания жардам берет:

-Алар даярдап беришет. Бизде ошол компания менен алдын-ала түзүлгөн график боюнча январды аяктап, февралда берилет. Бирок биз аны эртелетип, декабрдын аягына жылдырууга аракет кылып жатабыз.

Кыргыз өкмөтү жасалма паспорт көйгөйүн чечүү үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын камтыган жаңы паспорт киргизүүнү бир нече жыл мурун сунуштаган.

17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган. Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы бул жасалма паспортторго тиешеси жоктугун билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG