Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Пентагон Мосул шаарын террорчулардан бошотууга аскер жөнөтөт


Ирактык жана америкалык аскерлер террорчулардан бошотулган Каяра шаарына кирүүдө. Август-2016
Ирактык жана америкалык аскерлер террорчулардан бошотулган Каяра шаарына кирүүдө. Август-2016

Пентагон Иракка 615 америкалык аскерин жөнөтүүнү чечти, бара-бара алардын саны 5200гө жеткирилет. АКШнын коргоо министри Эштон Картердин айтымында, алар Ирак армиясын өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон Мосул шаарын бошотууга даярдайт жана жардамдашат.

Ирактын экинчи ири шаары Мосулда, ар кандай маалыматтарга караганда, үч миңден төрт миңге чейин исламчыл согушкер бар.

Шаарды бошотуу операциясы АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн фонунда өтүүдө. Анын жыйынтыгы демократтардан талапкер Хиллари Клинтондун мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этиши ыктымал. Себеби анын атаандашы, республикачылардан талапкер Доналд Трамп Клинтон мамлекеттик катчы болуп турганда "Ислам мамлекети" тобунун ири террордук уюмга айланышына жол берген деп айыптаган. (RK)

XS
SM
MD
LG