Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Өкмөт башчы “Карамык” чек ара бекетинин ишин көрөт


Карамык.
Карамык.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк жумушчу сапар менен Оштун Алай районунда жүрөт. Андан ары Чоң-Алай районуна өтөт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер Алай районундагы Сары-Могол айылында мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дарыясына курула турган дамбанын долбоорун көрөт.

Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылына курулуп жаткан оорукана менен таанышып, Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебин ачат. Кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрүү пунктуна барып, аскерлердин абалын көрөт. Аталган чек ара бекети эң алыскы аскер объектилеринин бири болуп саналат.

Премьер-министр 7-декабрда жумушчу сапарын Жалал-Абад облусунда улантат. (SE)

XS
SM
MD
LG