Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Мекке менен Мединада ажылык башталды. Бирок чочко ылаңынан чочулаган түркмөн өкмөтү өзүнүн жарандарына ажылык зыяратына барууга тыйуу салды.

Анын оордуна өкмөт Түркмөнстандын өзүндөгү 38 ыйык жерди эсептеп, жергиликтүү зыяратчыларды ошол жактарга барып, Курман айтты белгилегенге чакырды.

Өкмөт мына ушул жайларга барып, сыйынууну каалагандарга акчалай да, башка да жардамдарды көрсөтмөкчү. Ал жайлардагы сыйынуу 11-ноябрда башталган жана 29-ноябрда аяктайт. 38 жайдын көбү, албетте, мааниси жагынан өзгөчө, бирок арасында дин менен байланышы дээрлик жок жерлер да бар экен.

Тизмедеги жайлар

Тизмеге киргизилген жерлердин бири – өлкөнүн батышындагы Балкан вилоятында орун алган Парау биби мечити. Ал узак убакыттан бери зыяратчылардын сүйүктүү жерлеринин бири болуп келди. Мечит Парау биби качандыр бир замандарда жоголуп кеткен деп айтылып жүргөн аймакта орун алган. Уламышка караганда, ал ардактуу мусулман болгон жана кылымдар бою кош бойлуу аялдарды, жаш балдарды коргоп келген. Түркмөн жазуучусу Ашыргулы Баири “Парау биби” жөнүндө буларды айтат: “Уламыштардын бирине караганда, жергиликтүү бийлик жетекчисинин кызынын аты Парау болгон экен, - деп сөзүн баштады жазуучу. - Душмандар алардын сепилин басып алабыз дегенде, Парау өзүнүн кызматкерлери менен башка жакка качып, жашынып калат. Бирок кызматчыларынын бири саткынчылык кылып, алар каерде экенин душманга айтып коет. Ошондо алардын колуна түшүүнү каалабаган Парау биби тоолорго качып, сыйынат. Адырлар жарылып, аны жашырып калышкан имиш”.

Ыйык жайлардын катарында, мындан сырткары, Борбор Азия боюнча эң бийик деп эсептелинген Кутлуг-Темир мунарасы, 11-кылымда курулган Талхатан баба мечити, 12-кылымга таандык Султан Санжардын күмбөзү да бар.

Айрым ыйык жерлер биздин заманга чейинки мезгилге да таандык делет. Бирок Борбор азияга ислам 8-кылымдарда таркатылганын эске алганда, алар түркмөн жеринде мусулмандар пайда болгонго чейин эле тургузулган жерлер экени айкын болот деп жатышат.

"Анча акча коротуунун эмне кереги бар?"

Карапайым түркмөндөр мына ушул жайларды Меккеге зыяраттын оордуна ыраа көрүшөбү? “Ооба” дегендердин катарында атын атагысы келбеген бир аял: “Түркмөнстандын өзүндө да көптөгөн улуу адамдар көмүлгөн ыйык жерлер бар. Сауд арапстандыктар Меккеге барып, зыярат кылышса, биз мамлекетибизди монгол баскынчыларынан коргоп, курман болгон 360 адам көмүлгөн жайга барсак болот”, - деди.

Анын айтымында, кээде ажылыкка барган түркмөндөргө араптар өздөрү да таң калышат экен.

“Меккеге ажылыкка баргандар түркмөндөрдөн: “Силердин өзүңөрдө сыйына турган ыйык жерлер турса, Меккеге келип эмне кыласыңар?” деп сурашат, - дейт ал аял. - Меккеге барган түркмөндөр далай акча коротушат. Мамлекет ага каражат сарптап эмне кылат? Анын оордуна өзүбүздө эле зыярат кылышса болот го. Биз өзүбүздөгү ыйык жерлерди барктап, башкалардын да бизге келип, зыярат кылышына жетишишибиз керек”.

Бирок ушул эле аял бизге айтканына караганда, ал буга чейин үй-бүлөсү менен Иранга зыяратка барып келген экен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG