Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Түркмөндөрдүн көбү улуттун улуу инсандарынын бири деп эсептеген композитор Нуры Халмаммедов көзү тирүү болгондо, бүгүн 70ке чыкмак. Анткен менен түрдүү майрамдарга бай Түркмөнстанда композитордун туулган күнү өкмөт тарабынан белгиленген жок. Түркмөн элдик музыкасын европалык ыргакка салып, дүйнөгө тааныткан адамдын мурасы үлкөн экени айтылат.

“Кечпелек” (же “Жараланган тагдыр”) деген композициянын автору Нуры Халмаммедов 1983-жылы 43 жашында дүйөдөн кайткан. Түркмөнстандын буга чейинки президенти Сапармурат Ниязов менен жетимдер үйүндө бирге чоңойгон Халмаммедовду түркмөн фольклордук музыкасын дүйнөлүк угарманга ылайыкташтырган адам деп билишет.

Композитордун мурасы тууралуу сүйлөп жатып, “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын директору Огулжамал Язлиева: “Нуры Халмаммедовду бүгүн улуттун улук инсандардын бири деп билебиз, - деди. - Ал өзүнүн музыкасы аркылуу түркмөн жеринин кооздугун көрсөтө алды. Ал дүйнөдөн кайтканы менен, жараткан музыкасы аркылуу азыркы муун менен кошо жашап келатат. Халмаммедов азырга чейин түркмөн музыкасынын эң башкы сабында турат”.

Фольклордун жаңы ыргагы

Халмаммедовго чейин түркмөн музыкасы негизинен улуттук музыкалык аспап дутардын коштоосунда аткарылып келген. Композитор аны симфониялык оркестрге кошуп, глобалдык угарманга даярдады. Ал түркмөн ыр саптарынын негизинде опера, балет үчүн да музыка жазганы белгилүү.

“Шүкүр бакшы” тасмасы үчүн жараткан музыкасы 22 жаштагы Халмаммедовго чоң атак-даңк алып келген. “Шүкүр бакшыда” 19-кылымдагы түркмөн музыканты жөнүндө айтылат. Анын бир тууганын Иранда касташкан уруунун адамдары уурдап кетишет. Музыкант ал урууга согушка чыкпай, анын оордуна душмандын жеринде дутарын көтөрүп, ойноп берет. Анын чыгармасынын улуулугуна таазим эткен душмандар музыканттын бир тууганын бошотушат.


Бул тасма да, ал үчүн жазылган музыка да түркмөн маданиятында жогору бааланган чыгармалардан болуп калды. Ошондон тарта Халмаммедов ондогон тасмаларга, алардын ичинде “Чечкиндүү кадам”, “Кечпелек” жана Мухтумкули”, андан сырткары, даректүү фильмдерге, мульфильмдерге музыка жазды.

Ал орус, немис, жапон акындарынын ырларын да музыкалаштырганы белгилүү. Өзгөчө 19-кылымдагы акындар Генрих Гейне менен Сергей Есениндин чыгармаларына жазылган музыканы белгилеп атап жүрүшөт.

Музыкалык сынчы Рим Хасанов Халмаммедовдун музыкасында “жаңы боектор” айтылганына токтолду. “Нуры Халмамедов композиторлорду өзүнүн ички энергиясы жана нуру менен кызыктырчу. Анын музыкасында дайыма түркмөн ыргагы сезилип турганына карабай, ал дүйнөлүк музыканы жазчу”, - дейт сынчы Рим Хасанов.

Анын ишин баалагандардын арасында түркмөнбашы Сапармурат Ниязов да болгон. 2004-жылы ал композитордун иштерин “баа жеткис байлык” деп атаган эле.

“Нуры Халмаммедов “Кечпелек” өңдүү композицияларды иштеп, бүтүн дүйнөгө атагы артты. Ал ушул чыгарманы кантип жаратканын мен өзүм да көргөм. Күнү-түнү эсинен тайган адамдай музыка жазып, так нотасын тапкыча тынчу эмес. Бул беш мүнөттө эле жазыла калган чыгарма эмес”, - деген эле Түркмөнбашы.

Өлкө эгемендик алган жылы президент Ниязов мурдагы классташын “Ага мансап да, акча да керек эмес” деп айткан. Ошол жылы Халмаммедовго ал “Түркмөн эл артисти” наамын ыйгарат.

Классиканын оорду

Москвадагы мамлекеттик консерваторияда окуп жүргөн студент кезинде Халмаммедов башкалардан келишкис мүнөзү, жаңжалкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөнүн айтышат. Бирок окуу жайдын жетекчилиги студенттин талантын эске алып, ага көп нерсени кечирип коюшчу экен. Бул жөнүндө кийин консерваториянын профессору Анатолий Александров эскерет.

Тилекке каршы, анын 70 жылдыгына карата өлкөдө өкмөт тараптан эч кандай иш-чара уюштурулбады. Огулжамал Язлиеванын айтымында, “азыр Түркмөнстанда искусствонун оордун башка баалуулуктар ээлеген өңдүү”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG