Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз-түркмөн алакасы жандана элек


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду тосуп алуу учуру. 5-август, 2015-жыл

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду тосуп алуу учуру. 5-август, 2015-жыл

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов 5-августта Кыргызстанга келди. Маалыматтарга ылайык, эки тараптуу жолугушууларда соода-экономикалык кызматташтыкка көбүрөөк көңүл бурулмакчы.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов келерден бир күн мурда Бишкекте түркмөн-кыргыз бизнес форуму өттү. Эксперттер Түркмөнстан-Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыгынын жолу азырынча толук ачылбай турганын белгилешүүдө.

Гурбангулы Бердымухаммедов Кыргызстанга иш сапары менен алгачкы жолу келүүдө. Буга чейин ал 2007-жылы Бишкекте өткөн ШКУ саммитинде ардактуу конок катары катышкан.

Кыргыз президентинин аппаратынын маалымат кызматы Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов эки күндүк иш сапарында Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекет аралык кызматташуу, соода-экономикалык ымаланы жандантуу жаатындагы макулдашууларга кол коюларын билдирди.

Түркмөн башчысынын иш сапарын утурлай Бишкекте түркмөн-кыргыз бизнес форуму өттү. Ага 20дан ашуун түркмөн ишкери, эл аралык соода-экономикалык мамилелер боюнча мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Бул жолугушуу кыргызстандык ишкерлер тарабынан жакшы кадам катары сыпатталганы менен, эки өлкөнүн бизнес алакасы Түркмөнстандагы айрым эреже, шарттардын айынан жана мамлекеттик катаал көзөмөлгө байланыштуу кооптонууларды жаратпай койбойт.

Жаш ишкерлер бизнес ассоциациясынын (ЖИА) аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтуусунда, түркмөн ишкерлери Кыргызстандагы эркин бизнес жүргүзүү шарттарына кызыкдар болгону менен, алдыда бир топ кыйынчылыктар жараларын белгиледи:

- Түркмөн ишкерлери Кыргызстандагы жеңил бизнес жүргүзүүнү абдан жактырып атышат. Себеби, Түркмөнстанда ишкерлик менен алектенүү кыйла оор жана татаал. Ошол эле учурда кыргыз ишкерлери да Түркмөнстанда виза алуу кыйла машакаттуу иш экенин айтышты. Дээрлик виза берилбейт. Анан ал жакта бизнесмендерди Ашхабаддын аэропортунан чыгарбай койгон учурлар да болгон. Ал жакта дагы деле Кыргызстанда революциялар болуп жатат деп ойлошот.

Кыргыз-түркмөн мамилеси жакынкы убактарда эч кандай ийгилик алып келбейт. Анткени эки өлкө ортосунда Өзбекстан, Тажикстан жатат.

Эксперттер болсо Түркмөнстан менен Кыргызстандын соода-экономикалык жааттагы кызматташуусунун келечеги жоктугун белгилешүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков кыргыз-түркмөн кызматташтыгында азырынча соода-экономикалык көрсөткүч жокко эсе дейт:

- Кыргыз-түркмөн мамилеси жакынкы убакта эч кандай ийгилик алып келбейт. Анткени эки өлкө ортосунда Өзбекстан, Тажикстан жатат. Биз жакынкы жылдары ушул кошуналар менен чек ара жана башка маселелерди чечип алмайынча, Түркмөнстан менен кандай гана мамиле түзбөйлү ал бизге эч кандай экономикалык да, социалдык да, саясий да пайда алып келбейт. Ошондуктан бул жолугушуулар дипломатиялык гана мүнөзгө ээ.

2012-жылы Кыргызстан Түркмөнстандан электр энегиясын сатып алууга ниеттенгенде Өзбекстан техникалык шылтоолорго такап, аны өз аймагынан өткөрбөй коеру белгилүү болгон соң кыргыз тарап демилгеден баш тарткан.

Ошондой болсо да Кыргызстан Түркмөнстанга электрлампаларын жана айрым техникалык тетиктерди экспорттойт. Импорт катары Түркмөнстандан азык-түлүк товарлары ташылат.

Соңку жарым жылда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү төрт миллион доллардан ашыгыраак сумманы түзгөн.

Буга чейин айтылып келген тышкы коркунучка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу маселеси бул жолу талкууланбай турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы дипломатиялык карым-катнаш 1992-жылдан бери улантылып келатат.

Президент Алмазбек Атамбаев менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов. 5-август.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG