Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Түркмөн президенти өлкөсүн "театрга" айлантты


 “Алтын доор” кошуну президент кетери менен ээн калды.
“Алтын доор” кошуну президент кетери менен ээн калды.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Лебап облусунда «Алтын доор» деп аталган заманбап жаңы конуш курдуруп, үйлөрдү элге таратып берди.

Бийик даражалуу конокту элдин баары бактылуу маанайда шатыра-шатман тосуп алышты. Президент тик учактан түшөрү менен кызыл килемде басып, айылга кирди. Айылда балдар эле эмес пайгамбар жашындагы кишилер да бири-бирине дарбыз ыргытып, ойноп турушту. Жаңы ыкма менен курулган үйлөрдү Бердымухамедов өзү элге тапшырып, алардын ар биринин алкоолорун угуп чыкты.

- Мээримдүү президентибиз, биз сизге чын жүрөктөн ыракмат айтабыз! Мээримдүү президентибиз, ушундай үйлөрдү куруп бергениңиз үчүн, өлкөнү гүлдөтүп өстүрүп бергениңиз үчүн биз сизге абдан ыраазыбыз. Бизде эч кандай кемчилик жок. Жашообуз жакшы. Сиздин ден соолугуңуз бекем болсун! Мээримдүү президентибиз, Сиздин өмүрүңүз узун болушун биз чын жүрөктөн каалайбыз!

Көйкөлгөн килем, жарашыктуу эмеректер менен жабдылган жаңы үйлөрдү, текчелери дүр-дүйнөгө толгон айыл базарын, тептегиз асфальт басылган жолдорду президент өзү жөө басып кыдырып чыкты. Журт башы токтогон жерде адамдар ага алкыштарды айтуудан аянышкан жок. Президенттин келишине карата жаңы конушта там той жана үйлөнүү тойлор уюштурулган.

Түркмөн президенти Бердымухамедов жаңы конушка келгенде какыраган кумдуу жердеги айыл көчөлөрүндө жашыл арчалар тизилип турду. Бирок президент кетери менен саратанда кумга эгилген арчалар соолуп калган. Жашы 45терге келип калган Гурбан аттуу жаран ал арчалар президентти тосуп алуу үчүн эле эгилгенин ырастады.

- Ал арчалар жаңы эле эгилген. Миң ирет сугарганда деле бул өсүмдүк ысык кумдуу чөлдө өспөйт да. Азыр баары кургап калды. Чөлгө чөлдүн дарагын эгиш керек болчу.

Гурбангулы Бердимухамедовдун «Алтын доор» жаңы конушунда жасаган ар бир кадамын өлкө телеканалдары бүт көрсөттү. Түркмөн медиалары Бердимухамедовдун ар бир кадамы тууралуу "улуу президентибиз базар кыдырды, улуу президентибиз айыл кыдырды" деп узун-узун баяндарды жасашты.

Бирок бүт өлкөгө жарыя кылынган “Алтын доор” конушу президент кетери менен ээн калды. Журналисттер “Алтын доордо” эми тирүү жан калбаганы тууралуу видео тартып жарыялады.

210 гектар жерге курулган 600 үйлүү конушта таза суу, газ, жол маселелери президент өзү барып көргөндөн кыйла башкача болуп чыкты.

Түркмөнстан боюнча адистердин айтымында, өлкө камакта жаткан адамдардын саны боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Өлкөдө ар бир 170-адам абакта жатат. Бул арада президент улам көркөм, саясий жана илимий китептерди жазып, том-тому менен бастырып жүрөт. Өлкөдө ар бир 3-4 жылда Башмыйзамды өзгөртүү адатка айланган. Түркмөнстандын Башмыйзамына кезектеги өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 14-сентябрда өтөрү ай башында жарыяланды.

XS
SM
MD
LG