Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Түркмөн президенти быйыл алтынчы китебин жазды


Гурбангулы Бердымухмаедов.
Гурбангулы Бердымухмаедов.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «Тынчтыктын, достуктун музыкасы» деп аталган китеби түркмөн музыканттарынын бири Шүкүр бахшиге арналган.

Бул тууралуу түркмөн мамлекеттик басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, президент өкмөт жыйынында китеби тууралуу жарыялап, андагы каарман Шүкүр бахши эң оор маселелерди да тынчтык жолу менен чечүүгө умтулган адам болгонун айткан.

Китепти 14-сентябрда Ашхабадда өтө турган Түркмөнстан Аксакалдар кеңешинин жыйынына чейин басып чыгаруу тапшырмасы берилди. Бул түркмөн президентинин жыл башынан берки алтынчы китеби. Буга чейин анын макал-лакаптар жыйнагы, чай тууралуу, ахалтекин тукумундагы жылкылар, түркмөн килем токуу өнөрү жана Түркмөнстандын дары чөптөрү жөнүндөгү китептери чыккан. Жарык көргөн китептеринин жалпы саны 40тан ашуун.

XS
SM
MD
LG