Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Түркмөнстан: балдар пахта талаасына кайтты


Түркмөнстан -- Пахта теримден кайткан кыздар, Лебап облусу, 25-август, 2013.
Түркмөнстан -- Пахта теримден кайткан кыздар, Лебап облусу, 25-август, 2013.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда балдардын пахта теришине тыюу салынган эле. Бирок быйыл бул практика кайра башталган шекилдүү.

Түркмөнстанда пахта терими кызуу жүрүп жаткан кез. Өлкөнүн Өзбекстан менен чек арасындагы Лебап дубанындагы талааларда киши кыжылдайт.

Алардын айрымдары балдар. Эжеси экөө пахта дөңсөөнүн жанында турган 10 жаштардагы бул кыз "күнүгө 27-31 килограмм пахта терем. Бир килограммга бир миң манат төлөшөт", - деди.

Бул демек күндө ал 100 сом таап, ал эми 50 килограммдык норманы аткарса, 170 сом алат.

Кыз анан унчукпай калды. Себебин түшүнүү кыйын эмес. Түркмөнстанда мыйзам жаш балдарды пахтага салууга жол бербейт. Бирок Лебапта бул кызга окшогон ондогон улан-кыздарды сабактан кийин автобус менен талаага алып келишет.

"Азаттыктын" Түркмөнстандагы кабарчысы Осман Халлиев өткөн айда пахта талаасында болуп, быйыл пахта терген балдар өтө көп экендигине күбө болду:

Акыркы бир нече жылда окуучуларды уюшкан түрдө, мугалимдердин көзөмөлүндө талаага алпарбай калышкан болчу. Кээде балдар ата-энеси менен иштеши мүмкүн эле, бирок быйылкыдай уюшкан түрдө алар талаага чыкпай калган. Азыр эми аларды мугалиминен тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп келип жатат.

Эмне себептен быйыл көп балдар пахтага салынып жатканы түшүнүксүз. Халлиевдин айтымында, жергиликтүү эл суук эрте түшсө, пахтанын сапаты начар болот деп корккон бийлик өкүлдөрү ишти тездетиш үчүн балдарды пахтага салып жатат деп боолголошот.

Мындай божомолду бийлик өкүлдөрүнөн сурап, тактай албайсыз. Бир себеби Ашхабатта бийликтер мындай кабардын билинип калышын таптакыр каалабайт.

Түркмөнстан дүйнөдөгү номер тогузунчу пахта өндүрүүчү өлкө. Иштетилбеген пахта, пахтадан жасалган кездеме, даяр кийимдин экспорту мамлекеттик казына үчүн мунай, газдан кийинки эле ири кирешенин булагы болуп саналат.

Эгер Батыштагы сатып алуучулар түркмөн пахтасын жаш балдар терип жатканын билип калса, аны албай коюштары мүмкүн. Мындай бойкотко коңшу Өзбекстан туш келген.

Акыркы жылдары Түркмөнстан эки ирет жаш балдардын пахта теришине тыюу салып, эл аралык коомчулуктун мактоосуна татыган.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти 2011-жылы Түркмөнстанда балдардын эмгегин эксплуатациялоону тизгиндөөдө жылыш бар экендигин, Юстиция министрлиги мындай мыйзамдын аткарылышын ойдогудай көзөмөлдөп жатканын маалымдаган.

Бирок айрым укук коргоочу уюмдар Түркмөнстанда жылыш бар деп ырастоо канчалык негиздүү деп эки анжы. Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети былтыр Түркмөнстанда жаш балдардын пахта териши тууралуу кабарларга тынчсыздануу билдирген эле.

Жыл сайын түркмөн өкмөтү пахта теримин механикалаштыруу үчүн заманбап техника алып жаткандыгын жар салат. Бирок пахтанын көбү дагы деле кол менен терилет. Жаш балдар менен чоңдорду теримге салуу практикасы жакын арада өзгөрөөрүндө күмөн бар.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов өткөн айда пахта пландалган көлөмдө жыйналбай жатат деп пахта терими үчүн жооп берген башкы кызматкерди иштен алган эле.

Түркмөнстан быйыл 550 гектар жерге пахта экти. Акыркы кездери өлкөдө жылына бир миллион жүз миң тонна пахта терилет.

XS
SM
MD
LG