Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Түркмөн диктаторунун небереси


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен небереси Керимгулы тартылган тасмадан сүрөт
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен небереси Керимгулы тартылган тасмадан сүрөт

Гурбангулы Бердымухаммедовдун үй-бүлөсү жөнүндө кабар дээрлик таппайсың. Жабыктыкты жакшы көргөн түркмөн президенти эмнегедир соңку жылдары Керимгулы деген небересин эл алдына көп чыгара баштады.

Жакында президенттин 56 жашка чыкканына арналган концертте америкалык ырчы Женнифер Лопес менен сахнаны дал ушул бала бөлүшкөн. Ага чейин жаш балдардын цирктеги концертинде ат минип чыкты. Башка бир видео клиптерде аны президент түрдүү окуяларда жетелеп жүрөт.

Керимгулы Бердымухамедов азыр 12 жашта болсо керек. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн айырмаланып, ушул небереси гана чоң атасынын коштоосунда азыр көп окуяларда көрүнүп калып жүрөт. Ошон үчүнбү, айтор, өлкөнүн өзүндө да, сыртында да ага кызыгуу күчөдү.

Ал алгач эл көзүнө былтыр февралдагы шайлоодо көрүнгөн эле. Ошондо президент шайлооканага бир баланы жетелеп келген. Андан бери далай иш-чараларга катышып, акыркы ирет Керимгулы президент чоң атасынын 29-июнда белгиленген туулган күнүндө ырдады.

Гурбангулы Бердымухаммедов Каспий боюндагы Аваза деген курортто өзүнүн туулган күнүн өтө кеңири масштабда уюштурулган той катары белгиледи. Анда жүздөгөн адамдар театралдаштырылган оюн-зоокко катышты, чет өлкөлөрдөн Филипп Киркоровдон тарта Женнифер Лопеске чейин белгилүү ырчылар келишти. Кийин Лопес түркмөн диктаторуна ырдаганы үчүн сынга кабылып, “кимдин тоюнда ырдаганын өзү да алдын ала билбей калганын” айтып актанды.

http://www.azathabar.com/media/video/25034006.html

Президенттин небереси Керимгулы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00


Президенттин туулган күнүнө арналган ошол майрамда Керимгулы сахнага чыгып, пианинодо ойноп берди, башка ырчылар менен кошо Түркмөнстанга жана Бердымухаммедовго арналган “Куткаруучу” деген ырды аткарды.

Бул ырда “Сенин түндөрүң ажайып. Жалтырайт. Биз сени менен сыймыктанабыз, биздин Эне жер. Сен биздин Куткаруучунун күчү менен укмуштуудай жерге айландың”, - деген сөздөр бар. "Куткаруучу" бул жерде, албетте, президент.

Бердымухаммедовдун үй-бүлөсү жөнүндө маалымат катуу корголот. Керек болсо, азыр эми эл алдына чыгып калган небереси Керимгулынын ата-энеси тууралуу да кабар жок.

АКШнын дипломатиялык мекемелеринин жашыруун кат алмашуулары ачыкталып калганда түркмөн президенти жөнүндө Американын Ашхабаддагы элчилигинен 2009-жылдын декабрында жазылган катта учкай маалымат белгилүү болду. Ага ылайык, Бердымухаммедов менен жубайында эки кызы, бир уулу бар.

Уулунун аты Сердар. Ал Москвада Эл аралык мамилелерди окуп, былтыр Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Улуу кызы Гүлжахан Түркмөн энергетикалык агенттиктеринин биринде Лондондогу өкүл катары иштеген Ыхласгелди Амановго турмушка чыкканы айтылат. Американын элчилигинин ошол эле 2009-жылдын ноябры менен катталган катында алардын 2005-жылы төрөлгөн бир уулу, 2009-жылы төрөлгөн бир кызы бар экени айтылган.

Бердымухаммедовдун дагы бир кызы ошол жылы Парижде жашай турганы, анын жолдору Франциядагы түркмөн элчилигинде иштеп жатканы жазылды.

Америкалык дипломаттардын каттарынан ачыкталган маалыматтын бири президенттин өзүнө тикелей тиешеси бар. Анда Бердымухаммедовдо узак убактан бери Марина деген орус көңүлдөшү бар экени, аны менен президент тиш догдуру болуп иштеп жүргөн кезде эле таанышып, бир кыздуу болушканы да жазылган. Ал кызы азыр 17-18 жашта болсо керек дешет.

Азыр эми "Бердымухаммедов өзүнүн небересин эмне үчүн анчалык эле эл алдына чыгарып калды?" деген суроо бүйүр кызыта баштаган өңдүү. Канткен күндө да, бул фактынын өзү азыркы түркмөн башчысы жөнүндө 2010-жылы басылган китепти эске салбай койбойт. "Чоң атасынын үмүтүн актаган небере" деп аталган китепте Гурбангулы Бердымухаммедовду автор "дүйнөлүк деңгээлдеги башчы, өз элинин улуу уулу, өлкөнү куткаруучу" катары сыпаттаган.

Учурунда айылдык мугалим Бердымухаммед Аннаевдин үмүтүн актап, небереси Гурбангулы өлкө башкарып калды делет. Ким билсин, балким, азыркы президент да өз небереси Керимгулыдан үмүт эткени бардыр...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG