Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Европарламент Түркмөнстандын "деңгээлин текшерет"


Евробиримдик бул ирет президент Г.Бердымухаммедовго "ачык белги" жасашы мүмкүн

Евробиримдик бул ирет президент Г.Бердымухаммедовго "ачык белги" жасашы мүмкүн

Эртең Евробиримдиктин делегациясы Түркмөнстанга барат. Биримдик Ашгабад менен мындан ары мамилени өнүктүрөбү, жокпу – ушул сапарда чечилет.

Евробиримдиктин делегациясы бул аптада Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалын билүүгө аракет кылат. Ошого жараша бул өлкө менен алаканы кантип түзүш керектиги тууралуу бир тыянак чыгарылат.

Европарламент өнүгүп келаткан мамлекеттер менен түзүлчү келишимдерди кабыл алууну шериктештикке кирген мамлекеттер менен бирге чечет.

Документтин мааниси

Түркмөнстан менен өнөктөштүк жана Кызматташтык келишимин январда парламенттеги Тышкы иштер боюнча комитет алдын ала жактырган. Эми документ жакынкы айларда парламентте добушка коюлушу керек.

Бирок Түркмөнстанда адам укуктарын коргоодо жылыштар болбой жатканы документтин жактырылбай калышына себеп болуп калышы да ажеп эмес.

Европарламенттин депутаты Ана Гомес “Азаттыкка” айтканына караганда, Түркмөнстанда ал беш депутат менен кошо “келишимдин тагдырын чече турган жыйынтыктарды чыгарат”. “Маселенин баары биз ал жакта топтой ала турган маалыматка жана алдын ала көз караштарга байланыштуу болот”, - деди депутат.

Башкы маселе

Делегация президент Гурбангулы Бердымухаммедов баш болгон бир топ жогорку даражалуу расмий өкүлдөр менен эле эмес, саясий себептер менен түрмөгө отургузулгандар менен да жолугушмакчы.

Түркмөнстандан кайтып келгенден кийин делегациянын мүчөлөрү ал жакта абал боюнча отчет беришет. Ошого жараша июнда Европарламент келишим боюнча добуш берет же кызматташуу боюнча документти жаңыртпай коюшу да ыктымал.

“Европарламент келишимди узартпай койгон күндө деле бул мамлекет менен мамиле такыр эле үзүлүп калбайт”, - дейт Гомес.

“Кандай гана өлкө болбосун, анын ичинде адам укуктары жаатында эч кандай өнүгүүнү каалабаган режимдерди да, толук обочодо калтыруу жакшы натыйжа бербейт, - деп ишенет португалиялык Гомес. - Оболу биз Түркмөнстандагы абал менен жакындан таанышалы. Бул сапарыбызда адам укуктарынын акыбалын аңдоого, мыйзамдардын аткарылышы өңдүү маселелерге өзгөчө басым жасалат”.

"Бизнес vs. адам укуктары"

Түркмөнстан менен келишим жактырылбай калса, парламенттин чечими Евробиримдиктеги дипломатиялык жаңы корпус – Тышкы иштер кызматынын – мүдөөсүнө карама-каршы келип калышы мүмкүн.
Евробиримдиктин бул кызматы Брюссель менен Ашгабаддын соода-сатык алакаларын аныктаган азыркы келишимдин мөөнөтү кайра узартылышын каалайт. Анткени анын алкагында Евробиримдик түркмөн режимине басым жасаганга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат деп эсептешет.

Борбор Азиядагы калган төрт жумурияттын баары Еврошаркет менен кызматташтык келишимин узартышкан.

Европарламенттин өзүндө Түркмөнстан менен кызматташтык келишимин жаңыртуу маселесинде эки анжы ой айтылууда. Атын атагысы келбеген депутаттардын биринин айтымында, сөз бул жерде “адам укуктары менен бизнестин ортосундагы каршылык” жөнүндө болуп жатат.

Депутаттардын бир тобу бул мамлекеттин жаратылыш газы Евробиримдиктин энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү деп эсептейт. “Эгер биздин колдон чыкса, режим Орусия менен Кытайга жакындап кетет” деген да кооптонуу бар.

Экинчи топ болсо Түркмөнстан адам укуктарын коргобогону үчүн, Евробиримдик менен кызматташтыкка жетишүүдөгү бир да талапка жооп бербей жатканы үчүн мындан ары мамиле түзүүгө татыктуу эмес дейт. Кеп саясий себептер менен түрмөгө отургузулгандарды бошотуу, диссиденттер менен активисттерге эркин саякаттоого чектөөлөрдү алып салуу жана чет өлкөлүк байкоочулардын өлкөдөгү адам укуктарынын абалын билүү үчүн келишине тоскоолдук кылбоо өңдүү талаптар жөнүндө болуп жатат.

"Эскирген стратегия"

Келишимдин жаңыртылышына каршы болуп жаткандардын катарында өлкөдөн куулган укук коргоочулар да бар. Өткөн аптада Европарламенттин Тышкы иштер комитетинде сүйлөп жатып, түркмөнстандык белгилүү активист Фарид Тухбатуллин биримдикти түркмөн режими менен дипломатиялык мамилесиндеги стратегияны өзгөртүүгө чакырды.

“Евробиримдик муну түшүнүп турса да, эмне үчүн Түркмөнстанга же Борбор Азиядагы өлкөлөргө карата стратегиясын өзгөртпөйт – түшүнбөйм, - дейт Тухбатуллин. - Улам эле саясий диалог, диалог, диалог дешет. Ал диалог уланып келатканына 20 жыл болду. Балким, келечекте баары өзгөрөөр. Бирок адамдар төрөлөт, өлөт. 20 жыл өтө эле узак мөөнөт”.

Анын айткандарын Түркмөн жарандык демократиялык биримдигинин башчысы Вячеслав Мамедов да колдоду. Анын ишениминде, Евробиримдик бул өлкөдө адам укуктары урматталышы зарыл экени тууралуу Ашгабаддагы режимге ачык белги бериши керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG