Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Каспийдин жээгинде жайгашкан өлкөлөр 20 жылдан бери эле "Каспий тынчтыктын жана достуктун деңизи" деп келишет. Бирок түркмөн жана азери газынын экспортуна байланышкан кыйынчылыктар бул ырастоо канчалык чын экендигин көрсөтө турган болуп калды.

Европа комиссиясынын энергетика биримдиги үчүн жооп берген вице-президенти Марош Шефкович жакында Түркмөнстанда болуп, 20 жылдан бери айтылып келаткан Транс-Каспий мунай жолунун курулушун талкуулады.

300 чакырымдык бул куур Түркмөнстанды Азербайжан менен Каспийдин түбү аркылуу байланыштырмакчы. Андан ары түркмөн газы Түркияга жана Европага жөнөтүлөт.

Шефкович Ашхабаддагы жыйындан чыккандан кийин "тараптар өз ара мунасага жетишти, түркмөн газын Европага жеткирүү 2019-жылы башталышы керек" деди.

Бул келишим чоң жетишкендикти билдирет, бирок ага акыркы 20 жыл ичиндеги балким эң татаал мезгилде кол коюлду.

Орусия Крымды каратып алгандан бери Европа биримдиги орус газына болгон көз карандылыгын төмөндөтүүнүн аргасына өзгөчө көңүл бура баштады. Транс-Каспий куурунун Түркиядагы бөлүмүнүн курулушу март айында башталды. Бул долбоор ишке ашса, орусиялык "Газпром" Европанын газ базарындагы азыркы үлүшүнүн үчтөн биринен кол жууп калат.

Орусия Транс-Каспий долбооруна башынан эле каршы болуп келет. Москванын негизги жүйөсү – Каспийдин макамы аныктала электигинде. Эгер Каспий деңиз деп табылса, анын жээгиндеги ар бир өлкө өз секторун каалагандай пайдалана алат. Эгер Каспий көл деп табылса, анда өндүрүлгөн мунай-газдын пайдасы бардыгына бирдей бөлүштүрүлүшү керек. Бул маселе боюнча ондон ашык жыйындардан майнап чыга элек.

Орусия ошондой эле түркмөн-азери газ кууру экологияга зыян алып келерин айтып келет.

Ошол эле убакта Каспий өлкөлөрү өз жээктеринде эбактан эле мунай-газ өндүрүп келатышат. Мындан тышкары Орусия Кара деңиз аркылуу бир куурду иштетип, азыр экинчисин курганы жатат. Түркмөнстан менен Азербайжандын бийликтери демек суу астынан мунайды коопсуз алып өтүү мүмкүн экендигин белгилеп келишет. Бирок Орусия баары бир Транс-Каспий куурун курууга каршы эл аралык сотко арыз менен кайрылышы күтүлөт.

Түркмөнстан, Азербайжан, Евробиримдикти кыжалат кылган мындан да олуттуу жагдай бар. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Каспийге иш жүзүндө Орусиянын деңиз күчтөрү ээлик кылат.

Каспий боюндагы өлкөлөр акыркы жылдары бардыгы деңиз күчтөрүн кура башташты. Бирок эң кубаттуу согуш күчтөрү Кремлде гана бар. Орусия ошондой эле Каспийдин боюнда 300 чакырым аралыкка чейин учуучу ракеталык батареяларды жайгаштырган.

Каспийдин башка деңиздер менен байланышы жок болгондуктан мунай-газ же куур долбоорлорун коргоо үчүн башка өлкөлөр ал жакка согуш кемелерин жибере албайт.

Ушундан улам болсо керек, Ашхабадда болгондо Европа комиссиясынын өкүлү түркмөн газын Иран аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү да каралганын эскертти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG