Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Экономикасы газга байланган Түркмөнстан соңку кезде кыйын-кезеңге кептелип, эл ичинде нааразылык күчөгөнү айтылууда.

Түркмөн бийликтери өлкө бир канча жылдан бери байманасы ашып- ташыган “алтын доордо” жашап жатканын айтуудан тажашпайт. Бирок эксперттер соңку кезде өлкө кризиске кептелип, “алтын доордун” нуру өчө баштаганын белгилешүүдө. Борбор Азиянын бул эң жабык өлкөсүндөгү азыркы чыныгы абал кандай? “Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөнстандагы азыркы абал боюнча талкуу уюштуруп, жогорудагы суроого жооп издеди. Ага Eurasia Net журналынын Борбор Азия маселелери боюнча редактору Питер Леонард, Alternative Turkmenistan News сайтынын негиздөөчүсү жана журналисти Руслан Мятиев катышты.

"Алтын доордун" жарыгы жанбай калдыбы?

Түркмөнстан жабык өлкө болгондуктан анын ичиндеги чыныгы абал кандай экенин билүү чынында кыйын. Бирок эксперттердин баамында, соңку убакта өлкөдөгү абал кескин өзгөргөн.

Эл буга чейин бекер колдонуп келген коммуналдык кызмат түрлөрүнө акча төлөй баштады. Азырынча кымбат эмес, бирок өкмөт субсидиядан толук баш тарткан учурда баа өсүп кетери турган иш.

Серепчи Руслан Мятиев айрыкча акыркы жылда көп нерсе өзгөргөнүн айтат.

- Табигый газдын экспортунан көз каранды Түркмөнстан эгемендик алгандан берки эң кыйын кезеңге кептелди. Дүйнөдө газдын арзандашы өлкөдөгү абалга катуу таасир этти. Бул экономикадагы, эл турмушундагы абалдан байкалып турат. Өлкө кризиске кабылганын көп нерсе далилдейт деп айтсак болот. Маселен, былтыр өкмөт электр, газ жана сууга берилчу субсидияны кыскартканын кабарлады. Эл буга чейин бекер колдонуп келген коммуналдык кызмат түрлөрүнө акча төлөй баштады. Азырынча кымбат эмес, бирок өкмөт субсидиядан толук баш тарткан учурда баа өсүп кетери турган иш.

Түркмөн өкмөтү жумушсуздук тууралуу эч нерсе айтпайт. Жергиликтүү элден алган маалыматтардын негизинде өлкө сыртындагы оппозициялык сайттар газ тармагында кыскартуу жүрүп, жумушчулардын тең жарымына жакыны иштен бошотулушу мүмкүн экенин кабарлоодо. Жакында бийлик Ашхабадда каттоосу жок адамдардын баш калаага кирүүсүнө тыюу салды. Бул жумушсуз калктын ордо калаага агылуусун тосуу үчүн жасалган чара катары боолголонууда.

Серепчи Питер Леонард түркмөн бийликтери бир канча жыл социалдык-экономикалык маселе боюнча даттанууларга заңгыраган имараттар курулушу менен жооп кылып, аны менен мактанып келгенин белгилейт:

- Ак мармар имараттар баштаган чоң долбоорлор, стадион, ат майдан жана башка ушул сыяктуу курулуштар экономикалык ийгиликтин белгиси катары сыпатталып келди. Экономикалык кыйроонун белгиси чынында жумушсуздук же өндүрүштүн төмөндөшү эмес, жолдордогу илме-тешик, уңкур-чуңкурлар жана көрксүз имараттар же ушул сыяктуу көрүнүштөр.

Нааразылык толкуну

Ошол эле учурда соңку кезде Түркмөнстанда акыркы жыйырма жылда деле болуп көрбөгөн коомдук нааразылыктар тууралуу айтыла баштады. Маселен, өткөн жайда чыгыштагы Лебап облусунда газ жумушчулары иш таштоого чыккан. Мындай окуя жыл соңунда Ашхабаддан 220 чакырымдай чыгыштагы Тежен шаарында да кайталанган. Бул окуяларды кийин массалык камоолор коштогон. Андан кийин эмне болгону белгисиз. Анткени өлкөдөгү абал боюнча ачык маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Түркмөн бийликтери бир канча жыл социалдык-экономикалык маселе боюнча даттанууларга заңгыраган имараттар курулушу менен жооп кылып, аны менен мактанып келгенин адистер белгилейт:

Түркмөн бийликтери бир канча жыл социалдык-экономикалык маселе боюнча даттанууларга заңгыраган имараттар курулушу менен жооп кылып, аны менен мактанып келгенин адистер белгилейт:

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өткөн жылдары Түркмөнстандагы окуялардан бир аз болсо да кабар алып турган эле. Өлкөдө абал начарлаганы “Азаттыктын” өлкө ичиндеги журналисттерине да кысым күчөп, алардын бири Сапармамед Непескулиев былтыр “маңзат сактаган” деген айып менен камакка алынды. Анын камалганын жакындарына да айтышкан эмес жана тез арада адвокатсыз өткөн сотто абакка кесишкен.

Серепчи Руслан Мятиев муну күчөтүлгөн репрессиянын кеңири жайылган көрүнүшү катары баалап, эл бийликтин саясатына каршы нааразылык билдире баштаганы басым-кысым да көбүрөөк байкалганын айтат.

Ак сарайдагы оюндар

Кирешенин азайышы бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн да ич ара тартышын күчөтүүгө алып келиши ыктымал. Муну соңку кезде өкмөттөгү кызматтан бошотуулар көбөйүшүнөн байкаса болот.

"Президенттин айланасындагылар азайып бараткан үлүшүн сактап калууга тырышууда. Алар үчүн “тиги уурдап кетти”, “жеп кетти” же “жумушун жакшы жасай албай койду” дегендей жалаа жабуу оңой. Кыскасы, көшөгө артындагы күрөш жүрүп жатат", - дейт серепчи Питер Леонард.

Экинчи серепчи Руслан Мятиев президенттин тегерегинде ич ара тартыш күчөшүнө анын үй-бүлөсү себепкер деп эсептейт. Анын пикиринде, өлкөдөгү майлуу-сүттүү тармактардагы көзөмөл эбак эле президенттин жакындарына өткөн.

Өлкө минтип экономикалык кыйынчылыкка кабылган тушта бийлик өлкө Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, президенттик мөөнөттү узартуу аракетине өттү. Ал өзгөртүү президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун кийинки шайлоого катышуусуна жол ачат. Түркмөнстанды акыркы тогуз жылдан бери башкарып келаткан 58 жаштагы Бердимухаммедовдун кезектеги беш жылдык мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.

"Аркадаг" - "Таянар тоого" табынуу

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG