Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

Түркмөнстанда Индияга чейин жетүүчү газ куурдун курулушу башталды. Бирок миллиарддаган долларга туруучу ТАПИ долбоорунун коопсуздугу, каржылануусу боюнча али анык эмес жагдайлар бар.

Алгач мындан жыйырма жылдан ашуун убакыт мурда эле сөз боло баштаган газ куурдун курулушун баштоо аземи ушул жекшембиде Мары облусунда өтүп, ага Индия, Пакистан, Ооганстандын лидерлери да барышты.

Ал жерден чыккан газ куурдун акыркы учу Индияга жетиши керек. Бул өлкөнүн вице-президенти Хамид Ансари курулушту баштоо салтанаты учурунда:

- Биз долбоордун ийгилигин көрө албаган бузуку күчтөргө карата талаптагыдай чара көрүүнү чечкиндүүлүк менен бекемдеп, чогуу иштөөбүз абзел. Муну жасоо менен биз кыянатчыл күчтөр элибиздин коопсуздугу менен экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч туудурушуна жол берилбесин ырасташыбыз керек, - деди.

Индиянын вице - президенти “бузуку жана кыянатчыл” күчтөр деп, Ооганстан менен Пакистандагы согушкерлерди эске алып жатат.

Анткени узундугу 1800 чакырым келген газ кууру Индияга чейин Ооганстан менен Пакистанда аралап өтөт.

Каракум чөлүндөгү 16 триллион куб метр газ кору бар деп саналган Галкыныш же мурдагы Түштүк Йолотан кенинен чыккан түтүк долбоор боюнча Түркмөнстандан кийин Ооганстандагы Герат - Кандагар кан жолун бойлой төшөлүп, андан ары Пакистандын Кветта, Мултан шаарларын аралап, Индия – Пакистан чегиндеги Фазилка шаарчасынан аяктайт.

Кабул менен Исламабаддын алдында эми оболу курулуш иштеринин, андан кийин газ куурдун өзүнүн коопсуздугун камсыздоо милдети турат.

Буга чейин долбоордун ишке ашырыла баштоосуна жолтоо болгон факторлордун бири дал ушул коопсуздук көйгөйү эле.

Ооганстан менен Пакистандын бийликтери түркмөн газы экономикалык өнүгүүгө дем берет деп үмүттөнүшүүдө.

“Бул флагман долбоор бизди жаңы доорго киргизет, миллиондогон адамдарыбыздын жашоосун өзгөртөт. ТАПИ биздин бакубатчылыгыбыздын жана социалдык - экономикалык өнүгүүбүздүн символу”, - деди Пакистандын премьери Навази Шариф салтанатта сүйлөгөн кезинде.

Калкы ыкчам өсүп жаткан Түштүк Азия өзү энергияга абдан муктаж аймак.

Каржысы анык эмес долбоор

Долбоор боюнча куурдун кубаттуулугу жылына 33 миллиард куб метр газ өткөрүшү керек.

ТАПИ кууру аркылуу агуучу түркмөн газынын негизги кардары Ооганстан менен Пакистандан мурда да Индия саналат.

Башкача айтканда, пайдаланууга берилгенден кийин куурдан күнүнө 90 миллион куб метр газ акса, мунун 43-44 миллион куб метрин Индия, 38 миллион куб метрин Пакистан, калган аз бөлүгүн Ооганстан алууга ниеттенүүдө.

Курулушту ишке ашыруучу концорциумду болсо Түркмөнстандын мамлекеттик “Түркмөн газ” компаниясы жетектейт.

Энергия секторундагы глобалдык оюнчулардын бири да долбоорго кошулуп, кандайдыр бир милдеттеме ала элек.

Андыктан чыгымы 10 миллиард долларга чейин жетүүчү долбоорду каржылоо жагынан кыйынчылык чыкпайбы деген да маселе бар.

Бирок президент Гурбагулы Бердымухаммедов курулуш 2019-жылы бүтөт деген ишенимин билдирүүдө.

Ашхабад буга чейин Галкыныш газ кенин өздөштүрүүнүн үчүнчү баскычы үчүн Жапониянын жана Түркиянын компаниялары менен болочок келишимге негиз болуучу келишимге жетишкенин гана жарыялган. Бирок анын чоо-жайын ачыктаган эмес.

Ооганстанга, Пакистанга, эң башкысы алар аркылуу дүйнөнүн экинчи ири калктуу өлкөсү Индияга газ сатуу Ашхабаддын бул соодада Кытай менен Орусияга көз карандылыгын азайтат.

Азыр жылына 30-35 миллиард куб метр газ алган Кытай Түркмөнстандын башкы соода өнөктөштүнө айланды. Ал былтыр 14 миллиард кубет метр газ алган Орусиянын үлүшү быйыл 4 миллиард куб метрге чейин төмөндөөдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG