Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Ашхабадда миллиондогон долларлык заманбап ооруканалар курулса, айылдарда совет доорундагы имараттардын ичиндеги шарты адамдын зээнин кейитет.

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен май айы ден соолук жана спорт айы деп белгиленип, өлкө боюнча миңдеген адамдар сейил бактарда басып, жумуш орундарында спорттук көнүгүү жасоого милдеттендирилген. 2006-жылы Бердымухамедов бийлик башына келгенден кийин саламаттык сактоо тармагына миллиондогон доллар бөлүнүп, заманбап архитектуранын үлгүсүндөгү ооруканалар курулган. Бирок көптөгөн карапайым түркмөндөрдүн мындай жаркыраган жайларда дартын дарылоого дарманы жок.

2004-2005-жылдары Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурад Ниязов аймактардагы ооруканаларды жаап, 15 миңден ашуун медицина кызматкери ишсиз калган. Түркмөнбашынын мындай акылы сыркоолоп калган киши баш калаага келип дарыланып кете берет дегенге негизделген.

2006-жылы бийликке келген Ниязовдун мураскору, кесиби тиш доктур Гурбангулы Бердымухамедов саламаттык сактоо системасын модернизациялоого он миллиондогон доллар бөлүп, улуттун ден соолугуна чындап кам көрүлө турганын билдирген.

Андан бери бир катар заманга шайкеш ооруканалар курулуп, спорттук жайлар ачылып, алар мыкты технологиялык жабдыктар менен камсыздалган. Жарыяланган маалыматтарга караганда, Ашхабадда 56 миллион долларлык көздү дарылаган клиника, 47 миллион долларга травматология борбору курулган. Түркмөн өкмөтүнүн интернет сайтындагы сүрөттөргө көз салсак, президенттин жетекчилиги алдында курулган ооруканалар менен ден соолукту чыңдоочу жайлар Батыштын мыкты деген медициналык жайларынан кем калбайт.

Тилекке каршы, өлкөнүн чар тарабындагы ооруканаларга назар салсак, совет доорунда курулган имараттардын алдыңкы бети оңдолуп-түзөлсө дагы ичиндеги шарты адамдын зээнин кейитет. Президент Бердымухамедов Түркмөнбашынын тушунда жабылган ооруканаларды кайра ачтырганы менен медициналык тейлөөнү жакшыртуу унутта калгандай.

“Айыл жергесиндеги медицинанын абалы 1970-жылдардагы эле бойдон” деген Марал Недирова 20 жыл бою доктур болуп иштеп, өткөн жылы чет өлкөгө чыгып кеткен. “Баш калаадагы ооруканаларда коррупция гүлдөсө, айылдык ооруканаларда күндө керектелүүчү жабдык, атургай айрым жерлерде даки жоктугун” айтат Ашхабаддагы Ниязов атындагы оорукананын мурдагы дарыгери.
Мары облусундагы Тахтабазар шаарчасындагы кургак учукту дарылаган оорукана

"Ооруканаларда дааратканалар сыртта турат. Өлкө боюнча көп оорукана жылдап оңдолгон эмес, жаман жыт алыстан мурунга урунат. Санитардык нормалар бузулган, кышкысын суук. Бейтаптар тамак-ашын өздөрү алдырат. Медицинага төлөш керек, бекер эч нерсе жок. Бардык акча кассага төлөнсө да, ал кайда кетээри түшүнүксүз. Кышында көпчүлүк ооруканалар жетиштүү жылытылбайт, оорулуулар үйүнөн электр жылыткыч алып келишет" - деп сүрөттөйт дарыгер Недирова түркмөн айылдарындагы ооруканаларды.

Дарыгердин айтымында, ошол эле маалда заманбап жабдыктар коюлган Ашхабаддын клиникаларында атайын адистердин жоктугунан көп аппараттарга кол тийбей турат. Кандай болсо дагы көпчүлүк карапайым түркмөндөр айылдык ооруканага кайрылат. Колунда тыйыны жана борборго барып доктурга көрүнүүгө чамасы жеткендер үчүн дагы Ашхабаддагы кымбат ооруканага жатып дарылануу кыйла каражатты талап кылат.

Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу дарыланууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай жабат деп кагазда жазылганы менен бейтаптар ооруканага киргенден чыкканга чейин бардык акчаны өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн айтышат.

“Пара берүү түркмөн ооруканаларында кадыресе көрүнүш, атургай эреже” деп сыпаттаган дарыгер Недирова бейтаптар ооруканага расмий төлөгөндөн башка дагы тиешелүү доктурга өзүнчө акча берерин жашырбайт: “Ашхабаддагы мармардан курулган медициналык борборлордо атайын узун кезектер уюштурулат, бейтап болсо тезирээк дарылануу үчүн пара төлөшү керек. Мисалы, магниттик-резонанстык томография жасоо үчүн бейтапты 2-3 айлап атайын кезекке тургузуп коюшат”.

Буга чейин колунда бар түркмөндөр Түркияга, Иранга же Орусияга барып дарыланып келишчү. Эми болсо түркмөн бийликтери чет өлкөдө дарыланууну көздөгөндөр үчүн бюрократиялык талаптарды көбөйтүп, алардын жолуна бөгөт коюп жатканы маалым болду.
Ак мармарлуу Ашхабад
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG