Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

2012-жылы Түрмөнстанда адам укуктары жаатында айрым жылыштар байкалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" «Хелсинки Түркмөн корунун» жетекчиси Тажигүл Бегмедова билдирди.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Гүзел Кудайбердиева менен маегинде Тажигүл Бегмедова сөзүн мына ошол чектелген жылыштардан баштады.

- Быйыл адам укуктары жаатында анча-мынча, үстүрт жылыштар болгондугун белгилей кетиш керек. Мисалы, расмий өкүлдөр БУУ өңдөнгөн таасирлүү уюмдардын адам укуктары боюнча суроолоруна жооп кайтарышты.

БУУнун жыйындарында түркмөнстандык расмий өкүлдөрдү көрө алдык. Мурда мындай болчу эмес. Түркмөнстанда эл аралык жыйындар көбүрөөк өтчү болду.

Тилекке каршы, ал жакка көз карандысыз маалымат каражаттарын жолотушпайт, адам укуктарынын бузулушу боюнча бардык арызданууларды кароого эрки жетпей келет. Мындай арыздарды ачык, акыйкат сотто кароо тууралуу сөз да жок. Мисалы, быйыл «Санжар» деген атка конгон экс-президент Ниязовго кол салуу аракети боюнча жана 2002-жылдагы «банк ишине» он жыл толду. Анда тартип коргоо органдарынын жөндөмсүздүгүнөн жана багыттуу репрессиялардан көп киши жапа тарткан.

Бердымухаммедов бийликке келгенден кийин жаңы президент акыйкаттыкты камсыздайт деген үмүттөнүшкөн, бирок андай болгон жок. Ал гана эмес, репрессиялар токтогон жок, чет өлкөгө чыга албай тургандардын тизмеси, сөз эркиндигине, орун которууга, көз карандысыз маалымат алууга болгон тыюу сакталып кала берүүдө. Тескерисинче, декабрдагы мунасада демократиялык баалуулуктарды кысымга алууга күжүрмөн катышкан мурдагы тартип коргоочулар бошотулду.

- Быйылкы жыл активист, укук коргоочулар үчүн кандай жыл болду?

- Быйылкы жыл активисттер үчүн бийликтерди акыл калчап иш алып барууга чакыруунун кезектеги жылы болуп калды. Мындай аракеттердин ичинде эл аралык уюмдарга кайрылуулар көп болду.

Эл аралык уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк адвокат кеңселеринин аракети менен акыры Түркмөнстан саясий айыпкерлер боюнча маалымат берүү өтүнүчүн канааттандырды. Бул өтө оор иш болду, ар бир фактыны көрсөтүп, ар бир кадамды далилдеш керек болду.

Ошону менен акыры Түркмөнстан бул суроолорго жооп кайтарды. Расмий каттар болду, аларда бардык даталар, кайсы айыпкер кайсы түрмөдө экендиги, алардын канчасы канча жолу урук-туугандары менен жолугуша алгандыгы тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле эл аралык деңгээлде жолугушууларды уюштуруу мүмкүн болду. Түркмөнстандын өзүндө көп жыйындар өтүп, аларга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды. Тилекке каршы аларга эл аралык бейөкмөт уюмдардан эч кимди келтиришкен жок. Келечекте бул абал өзгөрөт деп үмүттөнөм. Ошондой эле Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилди. Булардын бардыгы түркмөн бийликтери менен диалог дагы уланат деген үмүт жаратууда. Биз азыркыдан кыйла кеңири жана терең диалог болот деп үмүттөнөбүз.

- Келерки жылдан эмне күтөсүңөр?

- Менимче келерки жылы түркмөн режиминин иши чачтан көп болот. Биздин да кол бошобойт. Тилекке каршы түркмөн чиновниктери өздөрүнө өтө жеңил жолду тандап алышты. Бардыгына тыюу салышат, бардык суроого жок деп жооп беришет. Бейөкмөт уюмдарга уруксат жок, цивилизациялуу диалог жок, толеранттуулук жок. Биз ушулардын баары келерки жылы болсо дейбиз.

Диалог кеңейип, толеранттуулук күчөсө, түркмөн чиновниктери укук коргоочулар, көз карандысыз маалымат каражаттары менен арай көз чарай талкуу жүргүзсө, ар бир жарандын кызыкчылыгында цивилизациялуу диалог жүрсө, бардык жарандар өз укуктарынан пайдалана алса деп тилейбиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG